“Биздин байлык тоолордо” сынагынын ЖОБОСУ
1. “Германиянын табиятты коргоо союзу” (NABU) коомдук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы (мындан ары – NABU) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (мындан ары – Улуттук комиссия) менен бирге 11-декабрь – Тоолордун эл аралык күнүнө карата “Биздин байлык тоолордо” аталышындагы сынак жарыялайт. Сынакка Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын магистранттары, студенттери жана жогорку класстын окуучулары катыша алат.  
2. Сынакты өткөрүүнүн максаты: Өлкөбүздүн дээрлик баардык аймактары тоолордон, тоо аралык өрөөндөрдөн жана тоо этегиндеги түздүктөрдөн турат. NABU жыл сайын Тоолордун эл аралык күнүнө карата экологиялык багыттагы иш-чараларды өткөрүп келет. Быйыл дагы Улуттук комиссия менен бирге тоо экосистемасын сактап калуу жана экология чөйрөсүндө мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу максатында сынак өткөрөт.
3. Сынакты өткөрүү тили: кыргыз тили.
4. Сынакка катышуу шарты:
 Сынакка төмөнкү темалардын биринде 5 мүнөттүк баяндама менен (презентация менен коштолгон) катыша алат:
1) Илбирс – тоолордун ыйык жаныбары.
2) Жоголуу коркунучундагы тоо өсүмдүктөрү.
3) Жоголуу коркунучундагы тоо жаныбарлары.
4) Тоо экосистемасына адам баласынын тийгизген терс таасирлери (өнөр-жай, айыл чарбасы, транспорт ж.б.).
5) Тоо калкынын көйгөйлөрү.
 Материалдар 2021-жылдын 6-декабрына чейин кабыл алынат.
 Ар бир тема боюнча 1-2-3-орундар аныкталып, кызыктыруучу сыйлыктар берилет. 
 Сынактын жеңүүчүлөрү 2021-жылдын 9-декабрында аныкталат.
 Сыйлоо аземи 2021-жылдын 10-декабрында NABUнун кеңсесинде өтөт. Иш-чарада жеңүүчүлөр өздөрүнүн эмгектерин (презентацияларын) көрсөтүшөт.
5. Жеңүүчүлөр 2021-жылдын 11-декабрында NABUнун Кемин районундагы экологиялык билим берүү жана жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү борборуна акысыз экскурсияга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
6. Сынактын катышуучуларынын эмгектери PowerPoint түрүндө nabu.kg@mail.ru электрондук дарегинде жана Бишкек шаарынын Табачная-24 дарегинде NABUнун кеңсесинде кабыл алынат.
Байланыш телефондору: 0312482220, 0707262210
Архив