Оштогу талапкердин баннери боюнча териштирүү башталды

Үгүт учурунда шайлоого аттанган талапкердин баннериндеги жазуу мамлекеттик же расмий тилде эмес, өзбек тилинде жазылган. Ош шаардык аймактык комиссиянын төрагасы Бакыт Алматов Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылганын Turmush басылмасына тастыктады.

Анын айтымында, ШИИБге арызды 9-ноябрда жазган.

«Бул маалымат боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылганбыз. Тергөө кызматы бул көрүнүштүн канчалык мыйзамдуу экенин карап чыккандан кийин иш БШКга жөнөтүлөт. Алар карап чыккан соң чара көрүлөт», - деди Бакыт Алматов.

Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады. Арызда талапкерлердин бири үгүт иштерин жана үгүт кагаздарын мамлекеттик же расмий тилде эмес, өзбек тилинде жүргүзгөнү жазылган. Арыз ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, бүгүнкү күндө иликтөө, тактоо иштери жүрүп жатат.

Булак.: https://www.turmush.kg/news:450386/

Архив