К.Тыныстановдун 120 жылдыгына карата "Өмүр жана өкүнүч" аттуу спектакль тартууланды
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын 2021-жылдын 16-мартындагы №25 буйругу менен кыргыз тил илиминин түптөөчүсү, жазма адабиятыбыздын негиз салуучусу, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, реформатор жана биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдык маарекесине  карата жарыяланган  беш айлык иш-чаранын жобосуна ылайык  И. Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз тили кафедрасы адаттан сырткары форматта даярдалган иш-чара өткөрдү. Тактап айтканда, университеттин 1-курстарынын  студенттери залкардын өмүрү жана тагдыры тууралуу жазылган “Өмүр жана өкүнүч” аттуу спектаклин тартуулады. Университеттин чакан сахнасында коюлса да, кесипкөй актерлордон кем таасир калтырбаган, көрүүчүлөрдүн көзүнө жаш алдырган спектаклдин сценарийин жазып, режиссерлук  кылган  Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын  актеру  Өмүрбек Израилов болду. Спектаклде   залкар инсандын өрнөктүү жолу, талыкпас эмгеги, өкүттө калган, элинин тарыхына так салган  өмүрү чагылдырылып берилди.
Кыргыз тили кафедрасынын башчысы А.Жумагул кызынын айтымында спектаклди даярдоо үчүн 1 ай эмгектенишкен. 
 Спектаклдин соңунда студенттер К.Тыныстанов калтырган мурастардын дагы бир бөлүгү болгон ырларынан көркөм окуу менен иш-чара жыйынтыкталды.
Архив