Алмустактан бери бир карыш жерин дагы көздүн карегиндей сактап келген улуу кыргыз журтум!

Мекенибиздин чеги мертинип, чек ара чечилбей турганда, ар бирибиз мындай кырдаалга кайдыгер карабай, ошол жерде өмүр бою жашоо кечирип, чек арага каккан казыктай жылбай кармашып жаткан кандаш мекендештерибизге кол сунуп, колубуздан келгендин баарын жасап, жардам берели. Биздин эң алгачкы жардамыбыз - такталбаган, "чийки" маалыматтарды таратпоо, анткени интернеттин арааны ачылып турган заманда шыбырап койгонуң дагы өлкөбүздүн чеги тургай, дүйнөнүн булуң-бурчуна желдей тарап турган учур. Мындай абалдан пайдаланып, чарк айланып чагым салчулардан сак бололу. Алардын көздөгөн максаты такыр башка, өлкөнүн келечеги, бүтүндүгү, тынчтыгы алар үчүн бир тыйын... Демек, болуп жаткан мүшкүлдү эске алып, баарыбыз бир муштумдай түйүлүп, маалымат саясатын туура жүргүзгөнгө жана жалган маалыматтардын жайылуусуна бөгөт коюуга болгон аракетибизди жумшоого тийишпиз.

Ата-бабаларыбыз кылымдардан бери эле “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык, -  деп коңшуларга өтө аяр мамиле жасап, сый-урмат көрсөтүп келген. Бирок катылгандын катыгын берген, канына сиңген көк жалдыгы да бар экенин тарых тастыктайт. Ошондуктан бардыгыбыз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган биримдигибизди, ынтымагыбызды көрсөтпөсөк болбойт. Ашуудан ат алмашпайт деген сөз бар кыргыз элинде, демек, азуусун айга бүлөгөн айрым саясатчы сөрөйлөрдүн ушул калк башына түшкөн кыйынчылыктан пайдаланып, “баланча кетсин, түкүнчө кетсин” дегендеринин суу кечпестиги турган иш. Тескерисинче, ушундайда бир түндүккө биригип, кеңешип, кырдаалды жөнгө салуунун жолун издесек Кудайдын алдында дагы, мекенибиздин, абийирибиздин жана келечек муундун алдында дагы жүзүбүз жарык болбойбу...

Урматтуу, Баткендеги бир боор, кандаш-жандаш туугандар, сиздердин тарткан ар бир кыйынчылыгыңыздар биздин жүрөгүбүз аркылуу өтөт. Артыңыздарда кылымдардан бери элдүүлүгүн сактап, намыс үчүн каруусун казык, канын азык кылып жашап келген калдайган калың эл турат. Демек, жалтактай турган эч кандай себеп жок. Бирок эки тарапка тең тынчтык керек. Бардыгы тынчтык жолу менен чечилишин тилейли...

Урматтуу, кандаш-жандаштар, көк жал Кыргыздын урпактары, тукумдары! Мындай кыйын кырдаалда мамлекет башчысы  Президент Садыр Нургожоевичтин кайрылуусун колдоп, анын аракетине жардамдашалы, ички ыйкы-тыйкыны таштап, ичи бузуктарга жем болбой, баткендик кандаш-жандаштарыбызга дем берели.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жалпы жамааты бир күндүк маянасын Баткенге которуу чечимин кабыл алды.

Архив