«Эл эмне дейт?..» дегендин өзүндө Жараткандын көзөмөлү турат...

Бул жарыкта убакыт деген уучтан куюлган кумдай токтобой агып турат эмеспи. Мезгилдер алмашып, жылдардын жылышы менен жандуунун баары алга умтулуп, жашоо үчүн күрөшөт. Ушул кубанычы менен кайгысы аралаш дүйнөдө адамдык натурабыздан, адеп-ахлагыбыздан, мекенчилдигибизден куралган улуттук аң-сезимибизди калыптандырып, кыргыз элинин жазылбай туруп кан-жанына сиңген жашоо эрежесине негедир кайдыгер мамиле жасап, моюн кайрып жатканыбыз өкүнүчтүү. 

Илгертен, тээ алмустактан, бери эле ата-бабабыз жашоо мыйзамынын кышын кынап, учугун улап бек сактап келбеди беле?! Анан ошол эле кандан тараган алардын урпактары, бизди, кайсы кара теке сүзүп жатат? Бир даары арабдашууну эңсесе, дагы башкалары батышты туурайт. Биз канчалык башканы ээрчип алардай болгубуз келгени менен, биздин тамырда кыргыз деген гана кан ойноп турбайбы... Тескерисинче, кыргыз болгондон кийин кыргыздын нукура улуттук оюнун, маданиятын, улуттук баалуулуктарын дүйнөгө даңазалап, ошол аркылуу гана жогору жыла алабыз. 

Бирок...бирок ушул жогоруда сөз кылып жаткан баалуулуктарды баалай алдыкпы?.. Эгемендикке ээ болгон отуз жылда тапканыбыздан жоготконубуз көбүрөөк болгонсуду. Деги эле “эгемендик”, “эркиндик” деген сөздөрдүн бизге таасири кандай болду? Кандайдыр бир деңгээлде артыкчылыктарга ээ болгонубуз менен, бу эгемендигибиз ээнбаштыкка чейин алып барды окшойт.  Айтсак, батышты туурап ата-бабабыз көрбөгөн, билбеген жоруктарга барганыбыз жалганбы? Жемиш канчалык даамдуу болсо да, анын желбей турган жерлерин же чириген жерин тазалап туруп жегенге да жарабадык, батыштын жылтыраган бир нерсесин көргөндө, дароо анын оң-терсин ойлонбой туруп эле оп тарттык. Улутту улут катары таанытып, кайсы улут экенинен белги берип турган сонун кийимдерибизди түйүнчөгүбүзгө түйүп, сандыкка салып койдук да, этек-жеңи жок, жакасы үзүк, ал тургай, тигиши тескери кийимдерди да мода деп маашырлана кие баштадык. Айылдан чачын өрүп, жакшынакай кийинтип шаарга жөнөткөн кыздары ушундай кийинип барганда “эл эмне дейт, кокуй?” – деп канча студенттин ата-энеси шашкалактап кеткени да ошол. Уялып калгандын ордуна аларды цивилизациядан артта калган караңгы кишидей күлүштү. Бир күлкүлүү окуя эсиме келди. Айылдан бир аксакал келип коомдук транспорко түшүп калат, эл толуп калып бирин-бири жөөлөгөн кишилер. Алардын ичинен бир кыз аксакал отурган орундукка жакын туруп келатыптыр. Аксакал киндигин көрсөтө кийинген кызды улам таңыркап да, айбыгып калар бекен деп да, атайылап тиктеп коёт. 

– Ай, ата, эмне мынча карайсыз, муну мода деп коёт, – деп, тиги кыз айбыкканды кой, чакчаңдап жиберет. 

– Мода? Бизде муну киндик эле дечү эле, – деп тим болот аксакал. Жүргүнчүлөр каткырып күлүп жатканы менен, абышканын зээни кейип турганын эч ким деле байкабагандыр... Бул токсонунчу жылдардын көрүнүшү эле, ал эми азырчы, азыр айрым жигиттерибиз да кыздардан ашып чачын кызылга, жашылга боёп, кулагына, ал тургай мурдуна сөйкө тагып,  же дене-боюна чапташтыра же тизеге чейин шалбырата шым кийип, кызтеке болуудан намыстанбай калышты... Өрттөнөөр көрүнүш... Байыркы кыргыздар тирилип келип ушул кейпибизди көрсө, кыргыздын ушу “урпактарын” тааныбай, эгер таанып калса таш бараңга алары шексиз... 

Батыш... Байпагын башына кийген батыштын маданияты бизге маданияттын очогундай сезилгени менен, каада-салт, нарк насилибизди ошол “маданиятынын очогуна” балталап, өрттөп, күлүн асманга сапырып жаткандай туюлат. 

“Эл эмне дейт?” деген ой аң-сезимге сиңип калып, силерди туткундап, эркин жашатпай жатат, эл эмне десе дей берсин, сен каалаганыңды жаса, каалагандай кийинип, каалагандай басып-тур” деген ойду бизге таңуулап, улуттун уңгусуна суук колун салып келатат. Антпесе, ошол “кой, эл эмне дейт?” дегендин өзүндө Жараткандын көзөмөлү турарын баамдай албай жатабыз. Дал ошол “кой, эл эмне дейттин” өзүндө илгертен ээнбаштыкты тыйып, намысты ойготуп турган көзгө көрүнбөгөн, кагазга жазылбаган, кыргыздын мыйзамдары жүрөгүбүздө кыттай уюп турчу эмес беле?.. Болбосо “кой, эл эмне дейт, дешип”, жарым жылаңач кийинмек тургай, обу жок кооздуктардан качып, “өзүм билем” деп чакчаңдамак тургай, катуураак каткырып күлгөндөн тартынып ыйбаа кылып турган ыймандуу элибиз кай тарапка бет алды? Батышкабы, Чыгышкабы, кээси өзү деле билбей жүрөт...

– Ыймандуу демекчи, ыйманды да башкача түшүнүп калдык. Биздин ата-бабабыз асман тиреген тоолорду байырлап, жаратылыш менен жуурулуша жашап келген. Табигый кырсыктар болсо, эл тегиз тобо кылып, жаратылыштын Жаратуучусуна курмадык чалып, мал союп, кан чыгарып, түлөө берген. Короого малы толуп, токчулук, бышыкчылык кезде да, муну Көктөн келген  жакшылык катары кабылдап, ыраазычылык иретинде курмандыкка мал союп, Теңирге багыштаган. Азырчы, азыр ыйман жолун түк башкадан издеп калдык. Кыргызда илгери эри өлгөндө чачын жайып кайгырып, анан кара жамынып аза күткөн. Азыркы “ыйман жолундагы” кара чүмбөт жамынып, ары карап турганы же бери карап турганы билинбей паранжы кийингендерге ылайыктуу сөз да табылбайт. Эркектери атасынан мурун муруту жок сакал коюп, аялдарча дамбал-көйнөк кийип, бутуна жаман тапичке сүйрөп алып кайда бет алды... Аялына кара жаап, балалыктын балдай оюнуна тоюп, кызыгына бата элек кыздарын тушалган кулундай кылып ороп-чулгап, жаңы төрөлгөн балдарына кыргыздын аты-жыты билинбеген арабдын аттарын коюп көтөрүп алып каякка жол алды? “Бейишкеби” же караңгылыккабы?.. Каякка?!!   

         Балага ат коюу демекчи, улуттун тилине, улуттун улут катары сакталышында балага ысым ыйгаруунун мааниси чоң роль ойноору талашсыз. Ошондуктан жаш жубайлар биринчи, экинчи балдары төрөлгөндө, сөзсүз, чоң ата-чоң энесине ат койдурчу, алар да ылайыктуу ат издеп канча күн убара тартып, сөз билген эл жакшыларына кеңешип анан койчу. Анан ал балдарын ата-энеси тарбиялап чоңойтушчу, мындагы маани жаш жубайлар тун балдары төрөлгөн кезде бала чоңойтуу, анын ден соолугуна кам көрүү, улуттук нарк-насил менен тарбиялоодо тажрыйбасы жетишпей жаштык кылып, биздин тукумубуздан адепсиз бала чыгып калбаса экен деген урпактарга кам көрүү болгон. Азыркы күндө мына ушунун жетишсиздигинен кыргыз туруп, кыргызча билбей, ал турсун, эне тилин чанган балдар көбөйдү, шаарда жашагандар балдарын айылга алып барбай, төрт дубалга камай берип, жаш туруп жалкоо, куйкасы курушуп кыжыр менен ачуусу мурдунун учунда турган, “сен” менен “сизди” айрымалабаган балдар өсүп келе жатат. Алардын каймактын ордуна майонез кошулган салаттарды, куруттун ордуна картөшкөнүн “ууландыра” даярдалган кытырактарды, талкандын ордуна кытайдын түстүү “юпилерин” ичип-жеп, кымыз, айран, жарма, бозонун ордуна, денеге пайдасын тийгизмек тургай,  керектүү витаминдерин жууп кете турган “кока-кола, фанта, спрайт” деген зыян заттарды азык кылып отурганы зээниңди кейитет. Андан жаманы, ушуларды ата-эне өз колу менен сатып берет. Айрым энелер үйдөн пайдалуу азыктар менен тамак жасап, ден соолуктуу улут болууга салым кошууга аракет кылууга мойну жар бербей, өзү кошо барып сатып жейт. Элибизде нанды эси кирелек эселек балдар көтөрүп жечү эле, анда да күкүмдү жерге түшүрүп убал кылсаң, кор болосуң деп катуу айтып тыйган тарбия мээсине сиңген балдар, кокустан жерге түшүрүп алган күкүмүн байкаса, үйлөй калып оозго салчу, эми минтип эл ишине жарап калган жашка келгенине карабай, эл эмне дейт деп койбой, балдарына кошулуп көчөдөгү “тез татым” деген балекеттен колуна кармап нан жеп жүргөн “азаматтарга” не дээриңди билбейсиң. 

Оо, улуу журтум, биз кайда бет алдык, “кой, эл эмне дейт” деген абийир сотун аттап өтүп, өзүбүздүн талкалана турган келечегибизге бет алдыкпы?.. Каякка баратабыз?.. Оозубузда орсок сөз, жолубузда улутубузду талкалай турган идеологиялар, колубузда келечекке чабыла турган балтаны алып кайда баратабыз?..Батышкабы, Чыгышкабы, каякка???

Андай эле туурагыбыз келсе, Батыштын жакшы жактары деле арбын. Билимге умтулуп, илимди баалап, убакытты уттурбай демократияны туура багытка колдонсок болмок. Батыш деп эле байпагыбызды башыбызга кийип, калпакты сандыкка салып койгонубуз туура болбос... Кандай кием, эмне жейм, кандай сүйлөйм, бул менин укугум деп эле тескерилене берүүнүн кажети барбы?  Ууну аз өлчөмдө колдонсоң – дары, балды көп жесең – уу! Андыктан укуктун да чеги болор. Ата-энеден баланы коргогон, аялын күйөөсүнөн коргогон укук коргоочулар бар, бул эмненин белгиси, ата-эне баласына кадыры кетип, күйөөсү аялын башкара албай калган заманбы? Мындай жат көрүнүштөрдү “кой, эл эмне дейт?” – деп элдеги журт башчылар эле тыйып келген. Атаң урушса, сенин мындай укугуң бар, күйөөң урушса, мындай укугуң бар деп атып кадыр кетти, сый кетти. Албетте, аша чапкан зөөкүрлүктү аял менен балага көрсөтүп, аларды кордоо алсыз гана эркектин колунан келет, аларды мамлекет ооздукташ керек. Бирок бөрк ал десе баш алып, өтүгүн төргө илип отургандардын укугун коргоо, улутка көр казуу эмей, эмине? Адам укугу деп койсо дырдай жылаңач болуп, шаардын борборунда көргөзмө уюштуруп, аны сүрөткө тартып, маалымат таратып, аял менен аялдын, эркек менен эркектин кошулуп, “жакын мамиледе” болору жетип турган ыпластык экенине көз жуумп, алардын да укугун коргогон көрүнүштү бири-бирин аңга жетелеп бараткандар дебей эмне дейбиз? Балды көп жеп ууланып, демократияны ыксыз колдонуп же укук десе терисин тескери кийип белгисиз бир туңгуюкка бет алдыкпы? Жалгыз кетпей, “келечекти” кошо сүйрөп баратыз. Бир силкинип ойлонсок болор эле. Атасын көрүп ок жонуп, энесин көрүп тон бычкан, улутум деп күйүп-бышып, эне тилим деп жанды сабап жаткандардын сабына кошулалы, эсибиз барда этекти жаап, улуттук ар-намыс, атуулдук ариетибиз менен камчыланып, чоочун идеологияларга уурдалып бараткан келечебизди коргоп калалы. Мамлекетибизге толук кеч кире электе, таңга, жарыкка умтулуп, ошол жарыкка келечегизди кайрып келели!..

Кутмырза Жакыбалиев

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча

 улуттук комиссиянын маалымат катчысы

Архив