“Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө концепциянын зарылдыгы...

Бүгүнкү күндө биз жашап жаткан дүйнөдө саясий-экономикалык, руханий-нравалык, адеп-ахлактык кырдаал өтө кооптуу чекке жетип турат. Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндөгү кош стандарттуу саясат, стратегиялык өңүттө жүргүзүлүп жаткан ааламдашуу процесси улуттук деген уңгулуу түшүнүктөрдү түп тамырынан кырчып, дүйнө бойлой калыптанып келген улутттук мамлекеттүүлүк, улуттук дух, нарк-насил, улуттук-менталитет, улуттук иденттүүлүк деген улуу аң-сезимди кыйратып, коомдун руханий-нравалык, адеп-ахлактык, духовный дөөлөттөрүн бузуп-жарып, коомду ичинен иритип, улуттук өлкөлөрдү “улутсуз” өлкөгө айландыруу багытында атайын иштер жүргүзүлүүдө.

         Акыркы мезгилдерде коом мурда болуп көрбөгөндөй деградацияланды, адамдардын, өзгөчө жаш муундун психологиясы өзгөрдү, нравалык, адеп-ахлактык, моралдык жүрүм-туруму бузулду, ыймансыздык күчөдү, элибиздин улуттук аң-сезим, акыл-эс, туюм-сезимине жат, үрп-адат, салт-санабызга, таалим-тарбиябызга каршы келген жорук-жосундар көбөйүп баратат. Улуттук маданиятты, өзгөчөлүктү, тилди, тарыхты жоготууга багыт алган ааламдашууну үгүттөгөн, аны өрнөк катары көрсөтүүгө аракеттенген ойлор айтылып, жүрүштөр мерчемделип, жаштарды өз тарабына тартуу аракеттери күчөп, улуттук иденттүүлүккө жана руханий-нравалык баалуулуктарга коркунуч жарала баштады. 

Адамдардын, өзгөчө өсүп келаткан жаш муундун аң-сезимине ар кандай жолдор, ыкмалар жана каражаттар аркылуу эгоцентризм идеасы таңууланып, жатып ичээрлик, моралсыздык, космополиттик, маңкурттук,  улутмансыздык, башка нравага, өзгөчө батышка, суктануучулук маанайды калыптандыруу амалдары күч алууда. Ачык айтыш керек, бул кырдаалга байланыштуу биздин мамлекет буга чейин атайын ырааттуулукка, системалык мүнөзгө ээ саясат жүргүзө албады, коомчулукка же саясий реформаны,  же экономикалык-социалдык өнүгүүнү,  же коомдук аң-сезимди модернизациялоонун түшүнүктүү, алгылыктуу моделин сунуштай албай, мамлекет, бийликтегилер саясат менен гана шугулданып келди. Бул биздин жалпы коомчулукту тынчсыздандырып, ар кыл ой-пикирдин айтылышына өбөлгө түздү. Коомдогу ыплас көрүнүштөргө элдин кыжыры кайнап, чыдамы кете баштады.

 Коомду бүтүн бир организм, тулку бой дей турган болсок, руханий-нравалык адеп-ахлак, нарк-насил, улуттун духу анын жүрөк толтосу, жаны деп бааласак болот. Эгерде биз келечекке багыт алып, өнүгүү жолуна түшүүнү өз максат-милдетибиз деп түшүнсөк, анда биз, эң алды, үч принципти карманышыбыз керек: биринчиден, өнүгүүнүн улуттук өзгөчөлүгүнө ылайык демократиялык багытты кармануу: экинчиден, өнүгүүнүн күчтүү экономикалык саясатын кармануу: үчүнчүдөн, улуттук баалуулуктарга таянган жана аны негиз туткан салттуу руханий-нравалык, адеп-ахлактык, моралдык нормаларды кармануу. 

Менимче,  ушул үч принцип гуманизимге, адамкерчиликке, боорукерликке, кайрымдуулукка ширелген идеологиянын өзөгүн түзүү менен, жалпы адамзаттык жана  улуттук дөөлөттөргө тарбиялоону камсыз кылат. Бул коомду биримдикке тартуу менен, элдин баардык катмарын бириктирүүгө, улуттук мамлекеттүүлүктү чыңдоого, улуттук иденттүүлүктү сактоого жана жаштарды, өсүп келаткан муунду өзүн-өзү таанууга, патриоттуулукка тарбиялоого   өбөлгө түзүп, өз эне тилинен рухий дөөлөт, байлык катары мамиле кылуусун күчөтүп, кызыгуусун арттырып, урматтоо жана терең билүү мотивациясын жаратат. Дүйнөнү кабылдоо, таанып-билүү өз эне тили аркылуу гана толук ишке ашарын айгинелейт.

Өлкөнүн өнүгүшү жана андагы саясий, социалдык-экономикалык     модернизациянын ийгиликтүү жүрүшү коомдук аң-сезимдин, руханий-нравалык, моралдык ыймандуулуктун деңгээлине жараша болот. Ошондуктан бүгүнүкү кыргыз коому жалпы адамзаттык жана улуттук баалуктарга таянуу жана негизденүү менен, коомдук аң-сезимди трансформациялоо жана модернизацилоо багытында атайын иштерди жүргүзүүсү зарыл. Бул үчүн бүгүнкү күндө түзүлгөн кырдаалга жана тарыхый жаңы талап-шартка жараша мамлекеттик структуралар  менен жарандык коомдун өзара тыгыз биримдигинде жана карым-катыш аракетинин негизинде коомдук аң-сезим, психология, ой жүгүртүү моделибизди өзгөртүү аркылуу руханий-нравалык, духовный, адеп-ахлактык кайра жаралуу багытына түшүп, “адам коому мораль аркылу тескелип өнүгөт”, - деген ой пикирин карманышыбыз өтө зарыл болуп турат.

 Коомдук аң-сезимди, психологияны өзгөртүп, жаңы типтеги модернизациянын жаралышын шарттоочу негизги факторлор – бул өзүңдүн ким экендигиңди көрсөтүүчү генетикалык кодун, руханий-духовный маданиятын, ата-баба жолун жаңы тарыхый доордун жолу менен айкалыштырып жаңыланууга бет алууң жана бул аркылуу улуттук иденттүүлүгүңдү сактап калуу жана рухту өнүктүрүү. Бул, эң алды, улуттук мамлекеттүүлүк идеасы жана улуттук дух аркылуу аныкталат. Анткени өнүгүүнүн жана модернизациянын жалпыга бирдей универсалдуу модели болбойт, анын улуттук духка таянган улуттук гана модели болот. Улуттук модель улуттук руханий нравага, моралга, нарк-насилге, улуттук маданиятка, улуттук тилге таянат. Мында улуттук тил улуттук духту, руханий нраваны, моралдык норманы, улуттук нарк-насилди, маданиятты көрсөтүп, көтөрүп турган өзөк конструкция жана негизги курал катары колдонулууга тийиш. 

Бүгүнкү күндө руханий-нравалык, адеп-ахлактык, моралдык өксүктүк өкүм сүрүп турган шартта өлкө жарандарын жалпы адамзаттык баалуулуктардын жана улуттук дөөлөттөрдүн, элдик нарк-насилдин негизинде тарбиялоо аркылуу алардын духовный маданиятын, жарандык өзүн-өзү таануусун, руханий кайра жаралуусун калыптандыруу өтө маанилүү. Ошол эле учурда адам укугу менен эркиндигин урматтоо, ушуга тете милдет менен жоопкерчилик тарта билүү, жарандык тынчтык, бекем ынтымак орнотуу аркылуу улуттук мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоо, өнүктүрүү, ата-бабалардан ыйык мурас катары калган дөөлөттөрдү баалап-барктоо, аларды бүгүнкү күндүн талабында модернизациялаган баалуулуктар менен жуурулуштура байытуу аркылуу духовный, маданий кайра жаралуу багытына түшүп, өсүп келе жаткан жаш муунду, деги эле жалпы коомду руханий-нравалык, таза моралдык, бийик адеп-ахлактык жана чың дене тарбиялык жактан өнүктүрүү бүгүнкү коомдун алдында турган милдет. Бүгүнкү доор - кыргыз мамлекетинин тарыхында дөөлөттөр, баалуулуктар алмашылып, коомдук аң-сезим, психология, моралдык нормалар өзгөрүп,жашоонун улуттук салттык өзгөчөлүгү жектелип, батышты тууроо күчөп турган учур...Ушундай кыйчалыш тарыхый кырдаалда жалпы адамзаттык, өзгөчө улуттук: үйбүлөөлүк, мектептик, коомдук таалим-тарбияга, билим-илимге, маданий, руханий-нравалык, адеп-ахлактык, моралдык нормаларга өзгөчө маани берилүү менен,  бул алкактагы аракеттер улуттук баалуулуктардын базасында таалим-тарбияны өнүктүрүүнүн улуттук идеалына багыт алууга тийиш. Мында ар бир инсан, ар бир жаран өзүн-өзү өзгөртүүсү, өзүн-өзү ким экендигин таанып-билүүсү зарыл, ушунун негизинде коомдук аң-сезим, психология өзгөрүп, улуттук тарбиянын идеалы акырындап калыптануу жолуна түшөт...

Мамлекеттин жана улуттук таалим-тарбия идеалынын максаты - улуттук мамлекеттүүлүктүн бүтүндүгү жана аны  ар тараптан чыңдоо, улуттук маданиятты өнүктүрүү, өлкөдөгү жарандык тынчтыкты, бекем ынтымакты калыптандыруу, биримдикти орнотуу, ар бир адамдын, жалпы коомдун руханий-нравалык, духовный, адеп-ахлактык жактан өнүгүүсү, улутмандык сезиминин артышы, жарандык күчтүү позициясы. Ушул сапат-касиеттер өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшү үчүн негизги башат жана булак боло алат...

Бүгүнкү тарыхый кырдаалдын талабы – демократиялык адептүүлүктү туу тутуп, өнүгүүгө багыт алган күчтүү социалдык улуттук мамлекет орнотуу, ошол мамлекет жарандардын бийик руханий-нравалык,   духовный, адеп-ахлактык, таза моралдык, нарк-насилдик баалуулуктарын  калыптандырууну, дене-тарбиялык, жандүйнөлүк жактан аруу агедил коомду курууну негизги милдети катары түшүнүүсү.

“Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү концепция Кыргыз Республикасынын Коституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү Жарлыгынын, мамлекеттик жана маанилүү документтердин негизинде иштелип чыгышы шарт. Ошондуктан андай концепция укуктук-ченемдик документ катары мамлекеттик мекемелер, коомдук уюмдар жана жеке жарандардын өзара карым-катыш алакасынын негизин аныктоону жана инсанды, коомду руханий-нравалык адеп-ахлактык жактан тарбиялоодо мамлекет алардын биргелешкен аракетин камсыздоону ишке ашыра тургандыгына өзгөчө басым коюуга тийиш. 

Концепция: руханий-нравалык, адеп-ахлактык жана дене тарбиялык жактан инсанды тарбиялоонун максатын, багыттарын, милдеттерин, конкреттүү субьектилерин аныктоо аркылуу, тарбиялоонун улуттук мүнөзүн, баалуулуктарын, каражаттарын, шарттарын,  ыкма-методдорун, принциптерин көрсөтүүсү зарыл. Ушул негизде иштелип чыга турган концепция инсанды  руханий-нравалык, адеп-ахлактык жана дене тарбиялык жактан тарбиялоо ишмердигинде методикалык негиз болуп саналат. Ал эми инсанды, коомду тарбиялоонун,  коомдук мамилелерди өнүктүрүүнүн жана улуттук   мамлекетти чыңдоонун, улуттук иденттүүлүктү көрсөтүүнүн куралы болуп мамлекеттик тил эсептелет...

Инсанды руханий-нравалык, адеп-ахлактык жана дене тарбиялык жактан өнүктүрүүдө эмнеге негиздеп, кантип, кандай принциптерге таянуу менен аракеттер көрүлөт жана концепцияда белгиленген багыттар боюнча кандай  иштер жолго коюлуш керек деген маселе өтө олуттуу. Ушул өңүттө төмөнкү принциптерди көрсөтүүгө болот:

  1. жалпы адамзаттык жана улуттук салттуу дөөлөттөргө   таянуу жана аларды негиз тутуу;
  2. улуттук аң-сезим аркылуу улуттук иденттүүлүктү жана улуттук мамлекеттүүлүктү чыңдоо;
  3. атуулдук улутмандык,  ар-намыстуулук жана жарандык күчтүү позицияны кармануу;
  4. руханий-нравалык, адеп-ахлактык нарк-насил дөөлөттөрдү баалоо жана аларды материалдык баалуулуктардан жогору коюу;
  5. инсандык, жарандык жеке кызыкчылыктардан элдин  кызыкчылыгын жогору коюу жана буларды бири-бирине каршы койбоо;
  6. руханий-нравалык, адеп-ахлактык өнүгүүнүн, чың ден соолуктун жана физикалык тарбиянын биримдиги жана бүтүндүгү. Дени сактын руху сак,  руху сактын дени сак;
  7. тарбиячылардын тарбиялуу болуусу жана  коомдо беделдүүлүгү;
  8. Үйбүлөө, нарктуу таалим-тарбия жана сапаттуу билим - руханий-адеп-ахлактык жана дене тарбиялык өнүгүүнүн негизи. 

Салттуу  үйбүлөөнүн негизги милдети – ата-бабалардын улуу мурасына таянуу менен, эли-жерине, коомго пайда келтире турган, ар-намыстуу, ариеттүү, мекенин сүйгөн чыныгы патриотторду тарбиялоо жана өстүрүү. Мында ата-эненин өздөрүнүн үлгүлүү жүрүм-туруму жана туура тарбиясы өзгөчө мааниге ээ. 

     Үйбүлөөдөн таалим-тарбия алып чыккан жеткинчектердин инсан катары калыптана башташы билим берүү мекемелерде улануу менен, жалпы коомчулуктун көз салуусунда өтөт. Үйбүлөөдө башталган таалим-тарбия билим берүү мекемелери аркылуу улануучулук принцибинин негизинде коом тарабынан өркүндөтүлөт. Демек, таалим-тарбия үйбүлөөдө башталып, билим берүү мекемелеринде өнүгүп, коомдо калыптанат. Мамлекет таалим-тарбия берүүнүн ушул үчилтик субьектисинин эриш-аркак өзара мамлесине камкөрүүгө тийиш....

     Мында кыргыз мамлекети, кыргыз коомчулугу, кыргыз мектептери жана кыргыз ата-энелер жаш баланы, эң алды, кыргыз кылып тарбиялашы зарыл. Бул жагдайда жапон элинин бала тарбиялоо тажырыйбасы бизге өтө ылайык деп эсептейм. Алар жаш ымыркайды 11-12 жашка чейин жапон кылып тарбиялашат, өз ата-бабаларынын  салттуу үрп-адаттарын, дөөлөт, баалуулуктарын маданиятын, тилин гана үйрөтүшөт. 12 жашка чыгып, өз элинин руханий-нравалык, адеп-ахлактык, духовный нормаларын бойлоруна сиңирип, таза жапон болуп калыптангандан кийин гана аларга башка маданиятты, башка тилди үйрөтүшөт экен.   12 жашка чыгып жапон  болуп калыптанып калган бала эч качан бизчилеп маңкурт, нигилис, космополит болбойт. Ошон үчүн Жапон мамлекети өнүгүүнүн бүгүнкү бийиктигине жетип отурат. 

А бизчи....? Бакчадан баштап, биринчи класстан баштап балдарыбызды көрүнгөн тилге, көрүнгөн маданиятка үндөп, же кыргыз эмес, же орус эмес, же немис эмес, же дагы башка бирөө эмес кылып, Ч.Айтматовдун маңкуртун, Сабитжанын өзүбүз тарбиялап жатабыз. Анан наалыйбыз, жаштар мындай, жаштар тигиндей, балам минтип калды, кызым тигинтип кетти деп... Мына, тарбия башаты кайда...

Таалим-тарбиядагы урааныбыз: улуттук иденттүүлүк, реализм прагматизм болуш керек. Ошондо руханий-нравалык кайра жаралуу болот.

                                                                           Сыртбай Мусаев 


 КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор


Архив