РУХАНИЙ КАЙРА ЖАРАЛУУНУН УДУЛУ КЕЛДИ ОКШОЙТ…

Байыркы Чыгыштагы отурукташкан Кытай, Индия, Байыркы Батыштагы Грек, Рим цивилизациялары, алар менен мейкиндик жактан да, мезгилдик жактан да аралашпаган, алардан кескин обочолонгон көчмөн, жарым көчмөн Кыргыздын ата-бабалары – байыркы “жээрде сакал, көгүш көз, сары чачтуу, нур жүздүү” (В.К.Шотт) кыргыздар түзгөн цивилизация аалам тарыхынын, дүйнө маданиятынын мурасы экендиги белгилүү. 

Биз бүгүнкү муун, эртеңки муун байыркы көчмөн, жарым көчмөн маданиятты жараткан улуу Кыргыз урпагы, мураскери катары өтө чоң жоопкерчиликти сезүү менен, ошол маданиятты улантуучу, мейкиндик менен мезгилди туташтырууучу, жалгаштыруучу муун экендигибизди түшүнө алдыкпы, түшүнүүгө кудурет-күчүбүз, акыл парасатыбыз, аң-сезим-туюмубуз жеттиби деген арсар суроолор көптөн бери көбүбүздү алдастатып жүрөт. Бул, менимче, өтө олуттуу, анткени ушул өңдүү суроолор өзүбүздүн башатыбызды тебелеп-тепсебей барктап аяр мамиле кылуунун, өз тилибизди, тарыхыбызды, улуттук иденттүүлүгүбүздү, атуулдук, жарандык нарк-насилибизди, үрп-адат, каада-салтыбызды сыйлап, анын тереңдигин, кенендигин, мезгил бойлоп, мейкиндиктерди артып, татаал-катаал жолдорду басып, ХХI кылым босогосун аттап, эгемен эркин Өлкө катары калыптануу жолунда бараткандыгыбыздын сырын чечип бергенге ачкыч боло алат. 

Тилекке каршы, ХХ кылым башынан башталган кийинки тарыхыбыз жана маданиятыбыз чоң империянын стратегиялык идеологиясына баш ийдирилген саясат аркылуу аныкталып, андан калса, ал мезгилдерде үстөмдүк кылып турган Евроцентристтик көзкараш өкүм сүрүп, улуттук тил, улуттук тарых, улуттук маданият, улуттук иденттүүлүк жөнүндө түшүнүктөр элес алынбаган, реалдуу, далилдүү фактылар бурмаланган, бузулган формаларда официалдуу түрдө сунушталып келген. Мунун терс кесепети ушу болду: нигилисттер, космополиттер, манкурттар, өзүнүн башатын танган “аалам атуулдары” өсүп чыктык, соңку жылдары улуттук адеп-ахлактан ажырап, руханий жакырлануунун чегине жакындап бараткандыгыбызды, “жолоочуну ээрчип ит өлөт”, – болуп, көрүнгөндүн көзүн карап жансактап калганыбызды “байкабай” да калыптырбыз.

Арийне, биз бүгүн дүйнөнү кара чумадай чулгаган ааламдашуунун (глобализация) селинен, Батыштын жылаңач маданиятынын таасиринен, улуттук мамлекеттерди, улуттук маданиятты, улуттук тилди талкалап, баарын өздөрүнүн карөзгөй кытмыр максаттарына баш ийдирүүнү көздөгөн ойлорунун алкагында кармоого далбас урган аракеттеринен “аман калып”, эртең эгемен Өлкө, эркин эл катары жашоо уланталы десек, алды менен, өзүбүздүн тилибизге, өткөн тарыхыбызга, дүйнөнү бойлой, кылымдарды жойлой өнүккөн маданиятыбызга, өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп турган нарк-насилибизге, руханий адеп-ахлагыбызга, нравабызга обьективдүү акыл калчап, өзүбүздүн генетикалык маданий кодубуз кайсы мейкиндикте, качанкы мезгилдерде жаралгандыгын, кандай болгондугун эске алышыбыз өтө зарыл.

Туура, улуу империянын уу чеңгелинен чыгып, эгемен эл, эркин Өлкө катары жашоо кечирип жатканыбыз менен, 30 жылдан бери бараар багытыбызды, басаар жолубузду таппай, жел айдаган калаксыз кайыктай ары чайпалдык, бери чайкалдык. Коом руханий, нравалык, адеп-ахлактык жакырланууга туштугуп, учур талабынын удулуна жараша жашоо турмушубузду модернизациялабай туруп экономикалык системаны талкаладык, саясий реформа деп чайкоочулукка түштүк, ыйманды жоготтук, элдик нарк-насил, үрп-адат, каада-салт, адеп-ахлактык дөөлөттөрдөн кол жууй баштадык. 

Албетте, бүгүнкү тапта кыргыз эли мейкиндик алкакта да, мезгилдик алкакта да тарыхый жаңы доордун босогосунда турат. Кыргызстан деген географиялык мейкиндикти ээлеп жаткан элдин мезгилдик жана саясий-маданий тарыхы б.з.ч. миң жылдыктын башында Евразиянын улуу тоолорунун койнунда, улуу талааларынын дарханында, улуу дарыянын бойлорунда жаралгандыгы, ал жер жалпы эле Алтай дүйнөсүнүн алтын бешиги саналганы белгилүү. Байыркы Алтай менен бүгүнкү Ала-Тоонун киндиги туташ, аталыштары да окшош, бирдей: Алтай Алтын тоо эмес;
Ала-Тоо: Алтай >>Ал (а) тай >> Ал (а) таг, Ала тоw >> (Ала-Тоу) >>
 Ала-Тоо: ау, оу, аw, ow дифтонгдору кыргыз тилинде созулма тыбыштарга өтөт. Ошентип Алтай деген ат Ала-Тоо фонетикалык түзүлүшүнө ээ болот. Евразиянын азыркы Алтай чөлкөмүнөн башталган тоо кыркалары Борборазиянын азыркы Ала-Тоосуна чейин уланып, колтугун кере кучакташып, эки материктин мейкиндигин бири-бирине жалгаштырып, эки материктеги мезгилдерди бири-бирине айкалыштырып, аталыштары бир аз фонетикалык өзгөрүүгө учурагандыгына карабай Алтай менен Ала-Тоо байыркы доорлордогу кыргыз менен бүгүнкү доордогу кыргыздын учугун улап, урпактарын бооруна катып, ааламдын өтө кең аймагын өздөштүрүп, жашоо ыңгайына жараша улам жаңы мейкиндик, географиялык, маданий, саясий, экономикалык ландшаф издеген кыргыздар көчмөн жана жарым көчмөн цивилизация жаратып, аларды өз жашоо ыңгайына ылайык өзгөртүп, өнүктүрүп, дүйнө бойлой, жалпы адамзаттык маданиятка салым кошуп келгени талашыз.

Кыргызстандын мейкиндик жана мезгил алкагындагы оорду өзгөчө уникалдуу – Евразия мейкиндигинин так борборунда, байыркы мезгилден бери ар кыл маданияттын, ар түрдүү элдердин, симбиоз цивилизациялардын тогошкон транзиттик чөлкөмү. Биздин эранын башынан тарта бул аймак Улуу Жибек жолу катары белгилүү боло баштап, Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган трансконтиненталдык маданий, соода-сатык, интеллектуалдык карым-катнаштын маршруттук коридоруна айланат. Алтай менен Ала-Тоонун ак чокулуу, көк мөңгүлүү кыркалары, улуу талаалардын койнундагы кокту-колот, давандары кытай, индия, түрк, перс, араб, Жер Ортолук деңиз жээгиндеги өлкөлөрдүн, Жакынкы Чыгыш, Орто Чыгыш, славян маданияттарын жуурулуштуруп, Түрк дүйнөсүнүн, анын ичинде Кыргыз маданиятынын мезгил доорлорундагы беделин көтөрдү.

Суроо туулат: Байыркы улуу цивилизация жараткан, ошол маданиятын жоготпой тумар тутуп сактап, өнүктүрүп келген Кыргыздар ХХI кылым босогосунда улуттук иденттүүлүгүн, Улуттук мамлекеттүүлүгүн сактап кала алабызбы? Анткени бүгүнкү өтө катаал дагы, татаал дагы жашоодогу чындык ушу – коом ыпластыкка тушугуп, руханий жакырлануу күчөп, “адам адамга карышкыр”, “адам айбандык инстинктин ээси” катары адамдык акыл-эске, аң сезимге сыйбаган, ыйман, нрава дегенден колжууган жаман иштерге белчебизден батып, түшүнүксүз тарыхый кырдаалга кептелип турабыз. “Ай караган текедей” Батышка баш урган аңкоо жандар көбөйдү, Батыштын, Американын бузулган нравасына үндөгөн, үгүттөгөн “маданияттуу апчелер” пайда болду, “теке-бука” болгон жексурлар арабызга толуп кетти. Күндө эле жаман кабар угабыз. Муну танууга мүмкүн эмес, тана да албайсың. Бүгүнкү кыргыз коомундагы өтө ыплас көйгөй ушулар болууда. 

Эмне кылуу керек..? Бул собол ар мезгилде адамзат алдына тике коюлат. 

Менимче, тарыхый жаңы талап-шартка жараша аң-сезим, акыл-эс, ой жүгүртүү моделибизди өзгөртүүбүз керек, коом өзүн өзү өзгөртүшү керек, мурдагы “байыркы” жакшы менен жаңы тарыхый доордогу “жаңы” жакшыны айкалыштыра колдонуу керек, кыскасы, коомдук аң-сезим модернизацияланышы керек, жашоо-турмушка, айлана-чөйрөгө мамиле, психология өзгөрүшү керек. “Ач айкырык, куу сүрөөн”, “көчө демократиясы”, “ташбараңга алуу” психологиясы токтош керек. Антпесек мамлекеттүүлүктөн ажырап, эгемендикти жоготуп алышыбыз ажеп эмес...

Менин терең ишенимимде коомдук аң-сезимди өзгөртүп, жаңы типтеги модернизациянын жаралышын шарттоочу негизги фактор – бул өзүңдүн генетикалык кодуңду, жандүйнө маданиятыңды сактоо, өнүктүрүү ата-баба жолун жаңы тарыхый доорго айкалыштыруу аркылуу руханий кайра жаралууга, кайра жаңыланууга бет алуу жана бул аркылуу улуттук иденттүүлүктү сактап калуу. Бул айта салганга оңой, жасаганга бир топ оор. Биз 30 жылдык эгемен тарыхыбызда адеп-ахлактык, психологиялык, руханий жактан катуу өзгөрдүк, оң жакка, оң багытка эмес, тетири жакка, жаман жагыбызга өзгөрдүк. Муну моюндабаска кенедей да чама-чаркыбыз жок. Ар кимибиз оюбузга келгенди жасап, оозубузга келгенди сүйлөп, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем”, - деген түшүнүк менен жашап калганбыз. Бул абалды оңдоп, коомду туура жолго салып, туура багыттоого ушу 30 жылдык эгемендик жылдарында эч ким башоту менен киришпеди. Мамлекет буга таптакыр көңүл бурбады, бурумуш гана болду, коом өзү менен өзү алек болуп, өсүп келаткан жаш муун таалим-тарбиядан таптакыр сырт калды, диндик экстремизимдин, радикализмдин элементтери күчөй баштады. Бүгүнкү коомдогу көрүнүш, азыркы абал 30 жылдык кайдыгерлик мамиленин түздөн-түз уландысы, улуттук трагедиябыздын башталышыбы деп да ойлойм...

Ушул багытта мен жаңы эле шайланган Президент С.Н.Жапаровдун “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө Жарлыгын өз учурунда жарыяланган Жарлык деп эсептейм. Президент катары кол койгон биринчи Жарлыгы анын меселенин маңызын, бүгүнкү абалды так түшүнгөндүгүн, аталган көйгөйлөр коомдун оорусу экендигин ачык аңдагандыгын көрсөттү. Бул Жарлыктын артыкчылыгы да, маанилүүлүгү да, менимче, “руханий чөйрөнүн үстүнөн материалдык мамилелердин артыкчылыгы дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы системалуу кризистин башталышы жана себеби болуп калгандыгын”, коомдун материалдык байлыктын кулуна айланып калгандыгын так, таамай, таасын көрсөтүп, “биздин элдин миңдеген жылдык тарыхы элдин сакталып келишинин жана өнүгүүсүнүн чыныгы себептерин жана шарттарын далилдегендигине, бул биринчи кезекте, биздин тил, маданият, салт, үрп-адат” аркылуу тескелип жөнгө салынууга тийиш экендигине басым коюлгандыгында, “жогорку адеп-ахлактык баалуулуктар жана принциптер сакталбаса жана бекемделбесе, биз өзүбүздүн жүзүбүздү жана адамдык касиеттерибизди жоготуп алышыбыз мүмкүн” экендигин ачык белгилегендигинде. 

Албетте, бүгүнкү күндөгү коомубузда көйгөйлөр өтө көп: Экономикалык-социалдык кризис, таажы тумоонун тажаткан залдары, саясий абал, руханий адеп-ахлактык, нравалык жакырлануу, улуттук нигилизмдин, манкуртизмдин кара тумандай каптаган “сасык жыты”, улуттук нарк-насилдин, кулк-мүнөздүн кыйрап талкаланышы (намыссыздык, арсыздык, уятсыздык) коомдогу адепсиздик, ыймансыздык, абийирсиздик, эки жүздүүлүктүн күчөшү, пейилдин, психологиянын бузулушу, таалим-тарбиясыздык, билимсиздик, Батыштагы “аңги” замандын кызтекелеринин, трансгендеринин аракеттерин, жылаңачтанып чечинип жүргөнүн колдоого үндөгөн, үгүттөгөн жексурлардын көбөйүшү сыяктуу коомду иренжиткен терс көрүнүштөрдүн күн санап өөрчүп, күчөп бара жатышы. 

Коомдогу ушу өңдүү терс көрүнүшкө эмнени каршы коюуга болот, коомду кантип тарбиялайбыз жана тазарта алабыз. Менимче, жогоруда аталган Жарлык ушуга – руханий кайра жаралууга багытталган, коомду тазалоого, жаштарды руханий адеп-ахлактыкка, нравалуулукка, ыймандуулукка тарбиялоого багытталган. Албетте, Жарлыкка кол коюлуп, анын жарыяланышы менен эле маселе чечилип калбайт. Мындай Жарлыктар көп эле чыккан, программалар, концепциялар, стратегиялар кабыл алынган, баары унутулган, кагаз бетинде калган, Акүй, Көкүйдүн кабинеттеринде калган. Эгерде бул Жарлык кагаз бетинде эле калбай, өтө чоң көзөмөлдө болуп аткарылса, кыргыз коомун өзгөртө турган, коомдун аң-сезимин, акыл-эсин, ар-намысын ойгото турган, улуттук духту көтөрүп, руханий жаңыланууга, кайра жаралууга, адеп-ахлактык тазарууга, ал аркылуу өнүгүүгө багыттай турган, жолубузду табууга, өзүбүздү өзүбүз таанып, улуттук иденттүүлүккө негизделген жашоо кечирүүгө шарт түзөт деген чоң ынанымдамын. Буга жетүүнүн биринчи шарты – бул улуттук генетикалык кодуңду, ким экендигиңди, улуттук тилиңди, улуттук нарк-насил, үрп-адат, каада-салтыңды, маданиятыңды сактап калуу, аны бүгүнкү күндүн реалдуу талап-мүдөөсүнө ылайык модернизациялоо, бул аркылуу руханий адеп-ахлактык, нравалык кайра жаралууга, өнүгүүгө бет алуу, улуттук руханий, маданий тамырдан азыктанып, бүгүнкү күндөгү жаңы технологиялык жетишкендиктердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу өнүгүп-өсүүнүн жаңы бийиктигине чыгууга далалаттануу. Эгерде мамлекет ушуга маани берип, көңүл бөлбөсө, Жарлыктын аткарылышына камкөрбөсө, коомдогу адепсиз терс көрүнүштөр мамлекеттүүлүгүбүзгө, эгемендигибизге зак кетириши толук ыктымал. Бул абал эсибизден чыкпоого тийиш...


                              Сыртбай Мусаев 


 КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор

Архив