КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаевдин Эркин-Тоо гезитине берген маеги

Сыртбай Жолдошолвич, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөнүн Баш мыйзамы он жолу өзгөрдү. Бул жолу жаңырган Баш мыйзам элдин суроо-талабына жооп берип, карапайым калктын кызыкчылыгын коргой алабы?

С.М.  Туура, Сиз айткандай конституциялык кеңешменин жүзгө жакын мүчөсү үч топко бөлүнүп алып, үч айга жакын иштеди. Мындан сырткары бул кеңешменин жыйынына Баткенден, Оштон, Нарындан, Таластан, Ысык-Көлдөн, Жалал-Абаддан, Чүйдөн келдик деп топ-тобу менен кирип отуруп, сунуш айткан кишилер үзүлгөн жок. Эл ичинен миңден ашык сунуш-пикир келип түштү. Ал пикирлер секцияларда, ар жумада экиден жолу өтүүчү пленардык жалпы жыйындарда талкууланып, ыктуулары кабыл алынды, айрым сунуштардын  эмес үчүн кабыл алынбай тургандыгы түшүндүрүлүп турду.  Сунуштары кабыл алынбай калган айрым бир адамдар кызаңдап урушканга чейин жеткен учурлар да болду. Ушунун баары теле, радио аркылуу түз эфирде жалпы коомчулкка ачык жеткирилип турду, өзүңүздөр күбө болдуңуздар.

         Мени ошол Конституциялык кеңешменин мүчөсү эмес, жөн гана жаран катары бир жагдай, бир жагынан, өтө таң калтырса, экинчи жагынан кабатырлантты. Биз эмне болуп калганбыз, маселенин маңызын, эмне жөнүндө кеп болуп жаткандыгын аңдап-баамдай албай “ушундай болуш керек, муну кийириш керек, минтиш керек, тигинтиш керек” деп эле жөөлөгөнгө өтүп алыптырбыз. Туура, аларды да түшүнөм, өздөрү көтөргөн маселелердин конституцияга кирип калышы үчүн жан үрөп жатышат. Бирок Конституцияда негизги принциптер, багыттар,категориялар жөнүндөгү орчундуу, олуттуу маселелер тууралуу сөз болуп, аларга тиешелүү калган маселелер конституциялык закондор, башка закондор, кодексттер, укуктук нормативдик документтер аркылуу тескелиши керек да. Ушул өңүттөн алганда   Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менин жеке баамымда өз иштерин так аткарууга далалаттанышты. 

         Конституция деген эмне? Өлкөнүн коомдук-социалдык жана мамлекеттик түзүлүшүн аныктаган, ошол мамлекеттик түзүлүштүн саясий-экономикалык, маданий-социалдык, руханий адеп-ахлактык, моралдык-нравалык жашоо турмушун тескеген эреже-талаптарды жөнгө салган коомдук негизги келишим. Ошондуктан аны Баш мыйзам деп атайбыз.

         Тилекке каршы, өткөн 30 жылга жакын эгемендик жылдарында, Сиз белгилегендей, Конституциябыз он чакты жолу өзгөрүүгө учурады. Мунун башкы себеби эле мурунку Президенттерибиздин көп, чоң конституциялык укукка ээ болууга жана жоопкерчиликтен качууга далбастап, далалаттанышы болуп келди. Ошондуктан Өкмөт башы-Премьерлер сары улактай садага чабылып, 30 га жакын Премьер иштен айдалып, асты түрмөдө отурушат. Чоң укукка жетип, жоопкерчилик албай, өзүм билемдикке салган Президенттерибиздин абалын көрүп турабыз. Булардыкындай тагдырды Көкө Теңир башкаларга бербесин. 

Бир нерсени эске алышыбыз керек: Маселе Баш мыйзам делген Конституцияда деле эмес. Конституциясы жок өлкөлөр деле толуп жатпайбы, өнүгүп жатпайбы. Биз 2010-жылы Конститутциябызга Парламенттик башкаруудагы мамлекетпиз деп деле жазып албадык беле. Кана ошол парламенттик башкаруу, биз ошону көрдүкпү, А.Ш. Атамбаев эле башкарбадыбы, парлементтин 120 депутаты А.Ш. Атамбаевдин оозунан сөз чыга электе бөдөнөдөй бөгүп жатып бербедиби. Партия сымал аморфтук топтун лидер сөрөйлөрү министрликтерди, ведомстволорду, агенттик, депортаменттерди, жада калса айыл-айылды бөлүп алып, ошолордун жетекчилерин дайындоо менен эле алек болушпадыбы, депутат болсом деген олигархтардан миллиондогон долларларды алганга гана бийлик кылышпадыбы, же бул жалганбы? 

Арийне, ушул башаламандыкты жоюп, өлкөнү бир адам башкарып, бир адам жоопкерчиликти жон териси менен сезсин деген нээтте элдик референдумдун негизинде башкаруунун Президенттик формасына ылайыкталып жазылган бул Конституция карапайым калктын кызыкчылыктарын коргой алабы деген суроону өзүнөн өзү эле чече албайт. Бул суроону ушул Конституцияга таянып адилеттик менен мамлекетти башкарган, элди башкарайын деген нээтте эмес, элге адилет таза, калыс кызмат кылайын, мамлекетимдин өнүгүшүнө кам көрөйүн деген нээтте элден корккон, Көкө Теңирден корккон, өзүнүн напсисин тыйып, абийир сотунан корккон Президент гана чечет. Маселе – Баш мыйзамда эмес, бардык маселе – башкарган Президентте, анын нээтинде. Ошондуктан Баш мыйзамга эле жабышып калуу, менимче, анча туура эмес. Баш мыйзам кагазга эле жазылган эреже-талап, кеп ошол эреже талапты ким кандай аткарат, ким бузбай аткарат. Биздин ата-бабалар жазылган эреже-талап жок эле, элдик адат, нарк, салт, тыюу аркылуу башкарып да, башкарылып да, жашап да келген. 

  • Баш мыйзамдын кайсыл пунктарына өзгөртүү киргизилди?

С.М. Бул Баш  мыйзам, жогорто белгилегендей, жалпы элдик референдумдун негизинде башкаруунун Президенттик формасына 80% ашык эл добуш бергендигине таянуу менен жазылды. Демек, мурдакыдан айырмаланып, бул Конституцияда, пункттарды кой башкаруунун концепциясы өзгөрдү, бийлик бутактарынын өз ара карым-катнашына байланышкан позициялар такталды. Бул бир жагдай. Экинчи жагынан, бул Конститцияда коомдун руханий-маданий, нравалык негиздерине өзгөчө басым коюлуп, көңүл бурулду. Буга чейинки Конституцияларда бул маселе такыр эле үстүрт каралган, практикалык жашоо тиричиликте бул маселе такыр эле көңүл сыртында калган. Акыркы 10 жыл ичинде  коом мурда болуп көрбөгөндөй деградацияланды, адамдардын психологиясы өзгөрдү, нравалык, адеп-ахлактык жүрүм-турумубуз бузулду, ыйманыбыз жоголду . Биздин элдин улуттук аң-сезим, акыл-эс, туюм-сезимибизге жат, үрп-адат, салт-санаабызга каршы келген батыштын жорук-жосундары үлгүлөнө баштады, жылаңачтанып “жанжериңди” ачып жүрсөң маданияттуусун деп “апчелер” акыл айта баштады. Улуттук маданиятты, өзгөчөлүктү, тилди, тарыхты жоготууга багытталган ааламдашууну үгүттөгөн, өрнөктөгөн ойлор айтылып, жүрүштөр мерчемделип, биздин жаштарды өз тарабына тартуу аракеттери күчөп бараткандыгы жалпы коомчулукту өтө тынчсыздандырып жаткандыгына таянуу менен ушул бөлүм   Конституцияда кеңири чагылдырылды. Президенттин да биринчи Жарлыгы инсандын руханий  адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө болгондугу коомдук абалды туура түшүнүп, туура баамдагандыгын ачык көрсөтүп турат го... 

  • Жаңы Конституция боюнча Президентке эки тизгин, бир чылбыр тийди. Эми өлкөдө аткарылбай калган иштерге да Президент өзү жооп береби, тагыраагы мурдагыдай болуп, күнөөнү башкаларга оодарбайбы? 

С.М. Туура, Сиз айткандай, Президентке чоң бийлик, чоң укук берилди. Ошону менен эле катар өтө чоң жоопкерчилик да, милдет да жүктөлдү. Анткени биздин өлкө башкаруунун Президенттик формасын тандап алды. “Даңкка жараша жүк”, - деген элибиз. Анын сыңарындай, бийликке укук берилгенден кийин ошого жараша милдет дагы, жоопкерчилик дагы жүктөлүшү керек. Президент бардык ишке жооп берет. Муну Президентибиз Садыр Нургожоевич эки-үч айдан бери ачык айтып келе жатпайбы. Бардык ишке өзүм жооп берем деп айтып атат го... ”Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет”, - болуп мурунку Президенттер, мурунку бийлик баарыбыздын көңүлүбүздү үч көчкөн журттай калтырыптыр. 

Өлкөдө тартип оңолсо, саясий, экономикалык, руханий, нравалык, психологиялык кризистерден эртерээк арылсак, ушуга жаңы Президентибиз башын сайып коюп элге кызмат кылса деген чоң ишеним да, тилек да элге үмүт байлатып жатпайбы. Элдин ушул үмүтү акталса экен деген тилек баарыбызда бар.

  • Курултай институтуна эл арасында каршы болгондор да кездешет. Ага кандай макам берилди жана кандай иштерди алып барат?

С.М. Туура, курултай коомдук уюм катары Конституцияга кирди, өзүнүн милдеттери да белгиленди. Бирок ага канча киши макул болсо, андан көп адам каршы болгон учурлар да ого эле көп. Бирок Президент ушул курултайга жыл сайын аткарган иштери боюнча маалымат берет деген жобо да кирди, курултай деген сөздөн көрө, менимче, Улуттук улуу жыйын десек туура болот беле деген ойду да сунуштадык. Албетте, маселе атында эмес затында...


Сыртбай Мусаев 

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор

Архив