Көп тилдүүлүк – ынтымакка өбөлгө

2021-жылдын 25 - февралында И.Раззаков атындагы КМТУда Эл аралык эне тил күнүнө карата бир айлыктын жыйынтыктоочу иш-чаралары болуп өттү. Аталган иш-чарада университеттин тил үйрөтүү борборлорунун жана тиешелүү кафедраларынын көргөзмөлөрү жана презентациялары көрсөтүлдү,  ар кайсы улуттун тилинде ырлар жана бийлер   аткарылды. Бул иш-чарага КМТУнун ректору М.К Чыныбаев, Кыргызстандагы ТОМЕР тил үйрөтүү борборунун мүдүрү Ахмед Гозубол, Кыргызстандагы Конфуций институтунун директору Ду Хуа жана башкалар катышты.

    Бул салтанатты КМТУнун Өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Б.Т.Төрөбеков ачып, майрамдын катышуучуларына жана конокторго каалоо-тилек айтып, эне тил күнүнө арналган иш-чара менен куттуктады.  

Конференциянын катышуучулары жана коноктор көргөзмөлөргө жана концерттик номерлерге күбө болушту. Кыргыз тили кафедрасы тарабынан улуттук тамак-аштардын түрлөрү, улуттук кийимдер көрсөтүлүп, комуз күүсү чертилип жана окутуучулардын ыры менен коштолду.

Конфуций классы чай берүү аземин көрсөтүү менен бирге каллиграфия чеберчилиги менен тааныштырды.  Ушул класстын окутуучусу Маметова Азиза Кытай операсын мыкты чеберчилик менен аткарды. 

Түрк маданияты жана тили борборунун бийчилери улуттук бийи менен көрүүчүлөрдүн назарын  бурду. Ошондой эле көрүүчүлөр түрк даамын татышты.

Орус тили кафедрасы орус элинин улуттук бийи менен залдагы коноктордун көңүлүн бурду. 

Чет тилдер, Немис тил борбору  мыкты китеп көргөзмөсүн уюштурду. 

Ал эми Кыргыз-Корей борбору көрүүчүлөргө корей оюндарын уюштуруп беришти.

Көргөзмөнүн соңунда Кичи жыйындар залында “Тил – достуктун ачкычы” аттуу иш-чаранын официалдуу бөлүгү болуп өттү. Тегерек столдо Томер түрк курстарынын директорунун орун басары Мустафа Булут, Конфуций классынын окутуучусу А.Маметова, Немис тил борборунун жетекчиси Ш.Т.Токтосунова, Орус тили кафедрасынын башчысы Ж.Барсанаева, Кыргыз тили кафедрасынын башчысы Жумагул к.А.,   Англис тили кафедрасынын окутуучусу А.А.Чыныбаева өздөрүнүн презентацияларын көрсөтүшүп, алдыга коюлган пландарын, сунуштарын айтышты. Аталган иш-чара университеттин Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Архив