Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата сабаттуулукка багытталган бир айлыктын жыйынтыгы чыкты

Кыргыз элинин алгачкы агартуучулардын бири, педагог, котормочу, публицист, туңгуч лексикограф жана лексиколог Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2020-жылдын 21-декабрында бир айлык акция жарыялаган. Көптөгөн кайрылуулардан улам, акциянын мөөнөтү 21-февралга чейин узартылган. Залкар инсандын өрнөктүү өмүр жолун жаштарга үлгү катары көрсөтүү, эмгектерин, илимий мурасын жайылтуу, коомчулукту сабаттуулукка үндөө, кыргыз тилинин байлыгын даңазалоо максатында уюштурулган акцияга жалпыга маалымдоо каражаттары, жеке жарандар, өзгөчө, билим берүү мекемелери жигердүү катышты. Акциянын катышуучулары онлайн жана офлайн түрдө ар кандай багыттагы илимий, интеллектуалдык, маданий ж.б. иш-чараларды өткөрүп, таанытуучу, маалымат берүүчү эмгектерди жасап жана аткарылган иштер социалдык тармактар аркылуу кеңири жайылтылып жатты. Мисалга алсак, конференциялар, тегерек столдор, кеңешмелер уюштурулду, ачык сабактар өткөрүлдү, кыргыз, орус, англис, түрк тилдеринде видеослайддар жасалды, тесттер түзүлдү, видеороликтер тартылды, сынактар уюштурулду, жат жазуу, эссе жазышты, макалалар жазылып, уктуруулар даярдалды ж.б. иштер кызуу жүрдү. Белгилей кетчү жагдай, эки айлык акцияга өлкөнүн бардык аймагынан катышты. 

Жобого ылайык, катышуучулар атайын даярдалган билдирменин бланкын толтуруп, жөнөтүп жатышты. 

Жыйынтыгында республика боюнча 1000ге жакын акцияга катышуу билдирмеси келип түшкөн. Ал эми ар бир билдирмеде 3төн кем эмес эмгек тууралуу маалымат камтылган. Демек, жалпы 5000ге чукул ар кандай иштер аткарылган. Атайын комиссия эмгектерди кылдат карап чыгып, жигердүү катышкан жана өзгөчө эмгек жасагандарды аныктады. 

Сабаттуулукка багыталган акцияны жыйынтыктоо иш-чарасы 25-февралда А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Кылымга тете из калтырган залкар" аталышындагы көргөзмөнү ачуу менен башталды. Иш-чарада Х.Карасаевдин калтырган баа жеткис мурасы тууралуу кеңири сөз болуп, соңунда жигердүү катышуучуларга жана өзгөчө эмгек жасагандарга сыйлыктар тапшырылды. 

Эске сала кетсек, Улуттук комиссия тарабынан Х.Карасаев тууралуу ар тараптуу маалыматтар жана залкар тилчинин “Накыл сөздөр”, “Өздөштүрүлгөн сөздөр” ж.б. китептеринен үзүндүлөр mamtil.kg сайтына жана Улуттук комиссиянын Фейсбук баракчасына байма-бай жайгаштырылып турду.

Сабаттуулук учурдун талабы экендигин эске алуу менен, Улуттук комиссия тарабынан семинар-тренинг, видеосабак ж.б. сабаттуулукка байланышкан иш-чаралар улана берет.

Архив