Ош облусунун Араван районунда “Кылым карыткан өмүр” аттуу иш-чара болду

2021-жылдын 18-февралында Ош облусундагы Араван районунда 21- февраль – Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө жана К. Карасаевдин 120 жылдыгына карата «Кылым карыткан өмүр» аттуу  иш-чара Адыш Исмаилов атындагы райондук маданият үйүндө маданият кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан даярдалып өткөрүлдү.

        Иш - чарага КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Ураимова Жумагул Абдыкаровна, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Маматкарим кызы Эркайым, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мамасаидов Музаффар Ташалиевич, Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ахматалиев Мырзабек Токоевич, Араван райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Адырбаева Гульмира Токтогазиевналардын катышуусунда өттү.

Иш-чарада К.Карасаевдин өмүр баяны, жарык көргөн китептери, алган сыйлыктары, жетишкен ийгиликтери адабий-музыкалык композиция менен коштолуп,  К.Карасаевдин бала чагы, Айша апанын эмгеги, Кусейн Карасаевдин элге кайрылуулары жөнүндө театрлаштырылган сахналык көрүнүштөр чыгылдырылып көрүүчүлөргө тартууланды.

 Иш-чарада китепкана тарабынан К.Карасаевдин 120 жылдыгына арнаган көргөзмөлөр уюштурулду.

Архив