ОшМУда Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош мамлекеттик университети тарабынан "Тил - улуттун жүзү" аттуу кароо-сынак уюштурулду. Сынакка КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аймактардагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнөн, Ош шаардык мэриясынан, Кыргызстан Калкы Ассамблеясынын Ош бөлүмүнөн жана улуттук маданий борборлордон өкүлдөр катышты. Жыйынтыгында сынакка жигердүү катышкан катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.

Архив