мамлекеттик тил күнү

Мамлекеттик тилге 28 жыл: Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары тапшырылды

Бүгүн 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Мамлекеттик тил күнүнө карата Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу жыйын өткөрдү. Салатанаттын алкагында мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга салымдары үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары тапшырылды. Алар: Исаев Кусеин Исаевич Садык Шер-Нияз Сапаралиева Айке Кулматов Алмаз Окинович Майжанова Бактыгүл […]

Толугу менен >>

Мамлекеттик тилге 28 жыл: Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленди

  Быйыл “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынышына 28 жыл толду. 1989-жылы аталган мыйзам кабыл алынып, ал эми 2009-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин Күнүн белгилөө” жөнүндө №358 Жарлыгы кабыл алынган. Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору жана баа жеткис байлыгы болгон мамлекеттик тилди даңазалоо максатында Кыргыз Республикасынын […]

Толугу менен >>

Кыргыз Республикасына Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевдин Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

Кадырлуу мекендештер! Мамлекеттик тил күнү менен бардыгыңыздарды улуттук комиссиянын жана өзүмдүн атыман ак дилимден, чын пейилимден куттуктоого уруксат этиңиздер. Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн атын тастыктаган жана затын аныктаган тил. Ар бир этнос өз эне тилин ыйык жана касиеттүү деп эсептейт, анткени ал эненин сүтү менен келет. Анда этностун өткөнүн, бүгүнкү күнүн жана келечегин […]

Толугу менен >>

Мамлекеттик тилге 28 жыл: Иш-чаралар уланууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-сентябрындагы №358 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин Күнүн белгилөө” жөнүндө Жарлыгына ылайык аймактарда, мекеме-уюмдарда мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 19-сентябрда мамлекеттик тил күнүнө карата кароо-сынак өткөрдү. Ал эми 20-сентябрда КР Финансы министрлиги менен КР Улуттук илимдер Академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту […]

Толугу менен >>

Мамлекеттик тилге 28 жыл: Биринчи Май райондук билим берүү башкармалыгы иш-чара өткөрдү

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата Биринчи май районуна караштуу жалпы жана мектепке чейинки Билим берүүчү мекемелеринин кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалимдеринин жана окуучулардын катышуусу менен райондук “Кыргыз тили-кылымдарды карыткан ,эч ким аны өчүрө албай тарыхтан” аттуу  Сармерден кыз-жигит улуттук оюуну 19-сентябрда  №29 Гимназиялык мектеп-комплексинин базасында жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Окутуу […]

Толугу менен >>

Мамлекеттик тилге 28 жыл: Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлөт

Жалпыга маалым болгондой, 2017-жылы 23-сентябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынышына 28 жыл толот. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-сентябрындагы №358 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин Күнүн белгилөө” жөнүндө Жарлыгына ылайык 22-сентябрда саат 10:00дө Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өткөрүлмөкчү. Мындан сырткары жылдагыдай эле жер-жерлерде мекеме-уюмдарда ар түрдүү форматтагы […]

Толугу менен >>


«Мамтил-Лингво»

Сентябрь 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Авг    
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930