Мамлекеттик тил комиссия тарабынан чыгарылган китептер “Санаттын” төрүнөн орун алды

“Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына” ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №151 буйругунун негизинде  Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан “Азыркы кыргыз адабияты”, “Дүбүрт”, “Дүйнөлүк адабият”, “Дүйнө”, “Тарых жана маданият” серияларынын алкагында 26 китеп жарык көрүп, бет ачары 29-августта өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымдалган.

Аталган китептер боюнча “Санат” ТРКсынын “Санат төр” берүүсүндө Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аида Ишеналиева жана “Дүбүрт” сериясынын алкагында жарык көргөн “Машакат өмүр” китебинин автору Эрлан Жумагазиев мейманда болду.

Ошондой эле, жаңы чыгарылган китептерден Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия  “Санат” телеканалынын китепканасына тапшырды.

 

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Сентябрь 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Авг    
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930