Мамлекеттик тилге 28 жыл: Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленет

Жалпыга маалым болгондой, 2017-жылы 23-сентябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынышына 28 жыл толот.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-сентябрындагы №358 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин Күнүн белгилөө” жөнүндө Жарлыгына ылайык 22-сентябрда саат 10:00дө Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өткөрүлмөкчү.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктаган соң маданий программа менен уланып, майрамдык маанай тартууланары күтүлүүдө.

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Сентябрь 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Авг    
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930