Күндүн жыйынтыгы: 11-августта мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча сынактан өткөн талапкерлер сертификатка ээ болушту

Бүгүн 11-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн планына ылайык талапкерлер Зарлыков Эрнис Зарлыкович, Акимов Турат Кудайбергенович, Исаев Канатбек Кедейканович жана Омуралиев Темиркул Алымбаевич сынактан өтүштү.

Тестирлөөгө биринчи болуп саат 9:00дө кирген талапкер Э.Зарлыков сынактын жыйынтыгында 60,16 балл алды. Андан кийинки кезекте “Кыргызтест” борборуна тестирлөөдөн өтүү үчүн келген талапкер Т.Акимов  85,13 баллга ээ болду. Андан соң сынактан өткөн талапкер К.Исаев 82,15 балл топтоду. Ал эми соңку болуп тест тапшырган талапкер Т.Омуралиев 61 баллга ээ болуу менен сынактан ийгиликтүү өттү деп табылды.

Күндүн жыйынтыгы менен сынакты ийгиликтүү тапшырган талапкерлерге төрага Назаркул Ишекеев мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билээрин тастыктаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификатын ыйгарды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө 14-августта уланмакчы:

 

1 Айтикеев Акбаралы Ысырайылович 9:00-11:00
2 Кожогулов Талгатбек Ашыркулович 10:30-12:30
3 Кенжекулов Полотбек Пирмаматович 13:30-15:30
4 Мансуров Акылбек Зулпукарович 15:00-17:00

 

Ошондой эле, машыгуу тестинен өтүүнү каалаган талапкерлер үчүн иш күндөрү саат 16:00-18:00 чейин “Кыргызтест” борборунда шарт түзүлгөн.

 

 

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Август 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Июл    
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031