Талапкер Исаев Канатбек Кедейканович мамлекеттик тил боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөгө саат 13:30да кирген талапкер  Исаев Канатбек Кедейканович жакшы жыйынтык менен чыкты. Төрт субтесттин жыйынтыгы менен 82,15 баллга ээ болгон талапкер К.Исаевге башка талапкерлер менен биргеликте саат 17:15те сертификат ыйгарылмакчы.

Бүгүн 11-августта сынактан өткөн талапкерлер Э.Зарлыков жана Т.Акимов жакшы жыйынтык көрсөтө алышты.

Ал эми талапкер Омуралиев Темиркул Алымбаевич экинчи субтестти тапшырып жатат.

Эске сала кетсек, кечээ 10-августта сынакты ийгиликтүү тапшырган 3 талапкерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билээрин тастыктаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты тапшырылган. Ал эми талапкер Мактымбаев Калмамат сынактан жетиштүү балл топтой албаганына байланыштуу сертификатка ээ боло алган жок.

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Август 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Июл    
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031