Күндүн жыйынтыгы: 10-августта мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча сынакты 4 талапкер тапшырып, бири өтпөй калды

Бүгүн 10-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн планына ылайык талапкерлер Масалиев Исхак Абсаматович, Мактымбаев Калмамат, Малиев Арсланбек Касымакунович жана Шайымбетов Казыбек Орозакунович сынактан өтүштү.

Тестирлөөгө биринчи болуп саат 9:00дө кирген талапкер Масалиев Исхак Абсаматович сынактын жыйынтыгында 82,25 балл алды. Андан кийинки кезекте “Кыргызтест” борборуна тестирлөөдөн өтүү үчүн келген талапкер Мактымбаев Калмамат 24,6 балл алып, сертификатка ээ боло алган жок. Андан соң сынактан өткөн талапкер Малиев Арсланбек Касымакунович 64,27 балл топтоду. Ал эми соңку болуп тест тапшырган талапкер Шайымбетов Казыбек Орозакунович 79,37 баллга ээ болуу менен сынактан ийгиликтүү өттү деп табылды.

Күндүн жыйынтыгы менен сынакты ийгиликтүү тапшырган талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билээрин тастыктаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты тапшырылды.

Эртең 11-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө планында бекигендей 4 талапкер сынактан өтөт:

1 Зарлыков Эрнис Зарлыкович 9:00-11:00
2 Акимов Турат Кудайбергенович 10:30-12:30
3 Исаев Канатбек Кедейканович 13:30-15:30
4 Омуралиев Темиркул Алымбаевич 15:00-17:00

 

Ошондой эле, машыгуу тестинен өтүүнү каалаган талапкерлер үчүн иш күндөрү саат 16:00-18:00 чейин “Кыргызтест” борборунда шарт түзүлгөн. Учурда айрым талапкерлер машыгуу тестинен өтүп жатышат.

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Сентябрь 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Авг    
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930