Мамлекеттик тил — Маданият, маалымат жана туризм министирлигинде

Бүгүн 11-июлда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде мамлекеттик тилди абалы менен таанышуу жана практикалык жардам көрсөтүү максатында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу жыйын болду. Жыйынга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, аппарат кызматкерлери, министрликтин жетекчиси, ведомстволордун башчылары жана аппарат кызматкерлери катышты.

Министр Т. Казаков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын жүргүзүүдөгү ишмердүүлүгүн жана ордун белгилеп, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуш-пикирлерди кабыл алууга министрлик даяр экендигин, кетирилген каталарды жоюуга практикалык жардам керектигин кошумчалады.

Жыйындын жүрүшүндө текешерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат тааныштырылды. Маалыматка ылайык, министрликте иш кагаздар мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт. Сырттан келген каттарга жооптор кайрылуунун тилине жараша жазылат. Буйруктар мамлекеттик тилде жүргүзүлгөндүгү менен ага тиркелген иш кагаздарынын көпчүлүгү орус тилинде берилген.

2017-жылдын январь-июнь айларында бардык иш кагаздарын жүргүзүүнүн жалпы саны 6795 бирдикти түзгөн. Анын ичинде 22% мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн.

Кириш документтер 3508 (мамлекеттик тилде – 1066; расмий тилде – 2442). Чыгыш документтер – 2989 (мамлекеттик тилде – 253; расмий тилде – 2736). Өздүк чечимдер – 298 (мамлекеттик тилде – 214; расмий тилде – 84).

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев “Мамлекеттик тил мыйзамынын”, “Мамлекеттик тилди өнүтүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” маданият жана маалымат чөйрөсүндө аткарылышына токтолуп, маданият тармагы өлкөнүн жүзү, улуттун иденттүүлүгүн аныктаган төрт баалуулуктун (тили (1), тарыхы (2), маданияты (3), чөлкөмдүк-географиялык абалы (4) бири экендигин баса белгиледи. Маданият жана  мамлекеттик тил ажырагыс бүтүндүк, эне тилсиз маданият элге жетпей тургандыгын, маданият жана маалымат чөйрөсүндө аткарыла турган иштердин арбын экендигин айтып биргелешип иш алып барууга чакырды. Ошондой эле, 2018-жылдан баштап бардык мамлекеттик кызматкерлер эл аралык шкалага негизделген мамлекеттик тилди билүү деңггээлин аныктаган “Кыргызтест” системасы аркылуу тест тапшыра тургандыгын эскертти.

Жыйындын соңунда министр Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга ыраазычылык билдирип, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик тилди билүү боюнча башка министрликтерге үлгү болушу керектигин айтып, мындан ары тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Июль 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Июн    
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31