Н.Ишекеев ЕККУнун өкүлдөрү менен жолукту

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиянын жыйындар жайында ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссары кеңсесинин директорунун саясий кеңешчи Андрей Хаджин, Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү боюнча бөлүмдүн жетекчиси Боб Дин, долбоорлордунжетекчиси Михаэль Ангерманн менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, мамлекеттик тилдин бириктирүүчүлүк ролун чыңдоо боюнча иштелип чыккан “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” негизинде жүргүзүлүп жаткан тил саясаты тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. ЕККУнун өкүлдөрү Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан көп тилдүүлүк саясатын колдоорун билдирип, мамлекеттик тилдин Кыргызстан элин бириктүүчү, коомдогу теңчиликти сактоочу ролу тууралуу белгилеп өтүштү. Ошондой эле, эки тарап мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана көп тилдүүлүк саясатын жүргүзүүдө мындан ары кызматташтыкты улантууга ынтызарлыгын билдиришти.

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Август 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Июл    
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031