“Профессор Н. Бейшекеев жана азыркы кыргыз тилинин өзөктүү маселелери” аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү

Бүгүн 19-майда К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети тарабынан тилчи-окумуштуу Н. Бейшекеевдин 85 жылдыгына арналган “Профессор Н. Бейшекеев жана азыркы кыргыз тилинин өзөктүү маселелери” аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияны К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору А.Мусаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, ачкан соң КР улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору, профессор А.О.Тогусаков, К.Карасаев атындагы БГУнун профессору Ж.Жумалиев, филология илимдеринин доктору, профессор И.Абдувалиев баяндама жасады.

Илимий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ишеналиева катышты.

 

Конференция өз ишин 2 секцияда: “Азыркы кыргыз тил илиминин өзөктүү маселелери” жана”Мамлекеттик тил жана салыштырма-тарыхый тил илими” багыттары менен улады.

 

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Июль 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Июн    
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31