“Жогорку билим берүү тармагында мамлекеттик тилдин орду жана келечеги” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өтөт

“Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн” улуттук программасын аткаруу максатында жана “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алкагында  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте 2017-жылдын 30-майында  “Жогорку билим берүү тармагында мамлекеттик тилдин орду жана  келечеги” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт.

Конференцияда пленардык жыйын жана төмөнкүдөй секциялар иштейт:

  • 1-секция. Билим берүүдө мамлекеттик тилде окутуунун маселелери
  • 2-секция. Тармактык терминдер жана котормолор
  • 3-секция. Мамлекеттик тилди изилдөө жана колдонуу көйгөйлөрү
  • 4-секция. Уюштуруу жана башкаруу иштеринде мамлекеттик тилдин колдонулушун жакшыртуу

Байланыш телефондору: 0 312 545122,  0557755088, 0703454598

Өтүүчү жайы: И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин конференция залы, Ч.Айтматов  көчөсү 66.

Каттоо: 9.30 – 10.00

Башталышы: 2017-жыл,  30-май, саат 10.00

Конференциянын жумушчу тили кыргыз тили

 

Урматтоо менен,

Уюштуруу тобу

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Май 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Апр    
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031