Мамлекеттик тил боюнча ЖОЖдор аралык I студенттик олимпиада өттү  

 

 

 

 

 

 

2017-жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар аралсында мамлекеттик тил боюнча I студенттик олимпиада болуп өттү. Олимпиаданын ачылышында сөз сүйлөгөн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев саамалыкты колдоорун билдирип, катышуучуларга ийгилик каалады.

“Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети биргеликте уюштуруп жаткан бул олимпиадага Бишкек шаарындагы 14 жогорку окуу жайдан филолог адистигинен башка багытта окуган 28 студент катышты.

Олимпиаданын калыстар тобун Билим берүүдөгү заманбап маалымат технологиялары институтунун (ИСИТО) мамлекеттик тил боюнча проректору Акылбек Шаршенбаев жетектеп, курамына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн адиси Сезим Толукбаева, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Кыргыз тест” башкармалыгынын адиси Жыпар Саламатова, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы билим берүү башкармалыгынын адиси Эльвира Ниязбекова жана Кыргыз билим берүү академиясынын мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясынын башчысы Зина Мурзалиева кирди.

Олимпиаданын катышуучуларынын 1-тобу “Маданият – мурасталган тартиптердин мыйзамы”, “Мамлекеттик тил кечээ, бүгүн, эртең”, “Адеп – тарбиянын башат”, “Адам болуу аста-аста…” темалары боюнча долбоорлорун коргосо, 2-тобу “Мамлекеттик тилдин учурдагы көйгөйлөрү” жана “Ата Журтум – алтын бешигим” темасында дил баян жазышып, андан соң көркөм окуу боюнча күч сынашты.

Билим таймашынын жыйынтыгында “Мамлекеттик тил кечээ, бүгүн, эртең” аттуу эң мыкты долбоору менен И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенти А.Абдыкеримов 1-орунду ээлесе, И.Арабаев атындагы КМУнун студенти А.Жаңыбаева 2- орунду алып, Н.Исанов атындагы КМКТАУнун студенти А.Нарынбек уулу 3-орунга ээ болду.

Ал эми дил баян жазуу жана көркөм иши боюнча 1-орун Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенти Н.Курманбековго, 2-орун И.Арабаев атындагы КМУнун студенти Д.Каныбековага жана КМЮАнын студенти М.Матназаровго, 3-орун Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин студенти Б.Нурдиновага жана Н.Исанов атындагы КМКТАУнун студенти А.Осмонкул кызына ыйгарылды.

Жеңүүчүлөр уюштуруучулар жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан даярдалган атайын белектер менен сыйланды.

Мамлекеттик тил боюнча ЖОЖдор аралык студенттик олимпиада кийинки жылдары дагы өз жүрүшүн улантмакчы.

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Сентябрь 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Авг    
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930