Кыргыз терминологиясынын актуалдуу маселелери талкууда

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, КР Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссия жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети биргеликте “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын” жүзөгө ашыруу жана кыргыз тилиндеги терминологияны унификациялоо максатында уюштурган «Тил саясаты жана кыргыз терминологиясынын актуалдуу маселелери»аттуу Республикалык илимий-практикалык конференциясы өтүп жатат.

Конференция ачылышы кечээ 20-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөрүлдү. Иш-чаранын ачылышына КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Т.А.Абдырахманов, Республикалык “Кыргыз тил” коомунун президенти Р.Курбанов, КР Тышкы иштер министрлигинин иш кагаздар жана электрондук документтерди жүргүзүү департаментинин директорунун орун басары М.А.Байсымаков, КР Ички иштер министрлигинин башкы штабынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги А.Э.Орозакунов, КР Финансы министрлигинин мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Р.О.Бектурова, КР Өкмөтүнө караштуу Интеллек-туалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын мамлекеттик тил боюнча адиси Ө.А.Калыева, КР  Мамлекеттик чек ара кызматынын мамлекеттик тил боюнча адиси Э.Н.Абдрасуловалар катышып, КР Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиянын төрагасы, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору С.Ж.Мусаев “Кыргыз терминологиясынын бүгүнкү абалы жана термин түзүүнүн принциптери” аталышында баяндама жасады.

Иш чаранын алкагында терминологиялык сөздүктөрдүн көргөзмөсү уюштулуруп, каалоочулар үчүн таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Конференцияда төмөнкү багыттарда иш алып барууда.

  • тармактык терминологиянын актуалдуу маселелери;
  • лингвистикалык терминологиянын  актуалдуу маселелери;
  • тил саясатын ишке ашыруудагы лингвистикалык изилдөөлөр”.

«Тил саясаты жана кыргыз терминологиясынын актуалдуу маселелери» аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция бүгүн 21-апрелде жыйынтыкталат.


Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Август 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Июл    
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031