«Мамлекеттик, расмий жана чет тилдерин изилдөө жана өнүктүрүүдө маалыматтык технологияларды киргизүү маселелери жана келечеги» аттуу V Эл аралык илимий — практикалык конференциянын РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

              Конференциянын уюштуруучулары: Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТАУ), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил илими жана адабият институту  .

Конференция 2017–жылдын 14–апрелинде КМКТАУнун чоң жыйындар залында өткөрүлдү.

Конференцияда Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү коомдук ишмерлери жана белгилүү окумуштуулар катышышты: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын  төрагасы, ф.и.д., профессор Ишекеев Н.И., Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министирлигинин орун басары Кожобеков К.Г., Индиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лакшманан Савитри, Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Акбагышева З.А., аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын жана жакынкы кошуна өлкөлөрүнүн окумуштуу мугалимдери жана башкалар.

Конференция мамлекеттик, расмий жана чет тилдерин маалыматтык технологияларды колдонуп изилдөө жана өнүктүрүү маселелерин жана келечегин талкыылап,  актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган.

Конференциянын пленардык отурумунда төмөнкү докладдар угулду:

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ректору, т.и.д., профессор Абдыкалыков А.А., Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын  төрагасы, ф.и.д., профессор Ишекеев Н.И., Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министирлигинин орун басары Кожобеков К.Г., Индиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лакшманан Савитри, Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Акбагышева З.А., Эл аралык «GEOTWOС” компаниясынын директору Люис Ким, Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер Академиясынын  Тил илими  жана адабият институтунун бөлүм башчысы, ф.и.д., профессор Токтоналиев К.Т., «Улутсофт» компаниясынын директору Окенов М., Н.Исанов атындагы КМКТАУнун жаны маалыматтык технологиялар институтунун директору, т.и.д., профессор Укуев Б.Т., жана  Компьютердик лингвистика жана Маданий аралык байланыштар кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Жумалиева Г.Э.

Конференцияда мамлекеттик, расмий жана чет тилдерин маалыматтык технологияларды колдонуп изилдөө жана өнүктүрүү маселелерин жана келечегин талкыылап,  актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган концепцияларды ишке киргизүүнүн негизги аспектилери жана жолдору төмөнкү бөлүмдөрдө талкууланды:

  • Мамлекеттик, расмий жана чет тилдеринин салыштырма жана тектештирме

өзгөчөлүктөрү;

  • Лингвистика жана тил илиминин жана котормонун актуалдуу маселелери;
  • Инновациялык ыкмаларды окутуунун сапатын жакшыртуучу каражат катары колдонуу;
  • Фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрүндөгү маалыматтык технологиялары.

Конференциянын алкагында маалыматтык технологиялар, лингвистика жана окутуу ыкмаларын изилдөө жана колдонуу боюнча илимий жана практикалык тажрыйба, ой- пикирлер жана көз- караштар менен кеңири алмашуу болду.

Белгилей кетсек, Н.Исанов атындагы КМКТАУнун илимий тобу көп жылдан бери жигердүү Windows системин кыргыз тилине которуп, аны ишке киргизүүдө абдан көп эмгектенишкен.. Жыйынтыгында Windows 7, 8, 10 жана Office 2010 системдеринин програмдык таңгактарынын тилдик интерфейси кыргыз тилине которулган. Учурда жогоруда аталган эмгектердин жыйынтыктары башка эл аралык тилдер менен катар, Майкросфт корпорациясы тарабынан кабыл алынып, расмий түрдө ишке киргизилген. Кыргыз тили  башка тилдер сыяктуу эле компьютерде кыргызча сүйлөп турат жана дүйнө жүзүндөгү бардык кыргыз колдонуучулары колдоно алат. .

Конференцияда бардыгы болуп  80 катышуучу илимий билдирүүлөрүн жасашты.

Конференциянын катышуучулары мамлекеттик, расмий жана чет тилдерин маалыматтык технологияларды колдонуп изилдөө жана өнүктүрүү маселелери боюнча  жалпы илимий жана практикалык багытталган жана келечегин талкыылап, актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган негизги иштерди ишке ашыруу максатында төмөнкүлөрдү

СУНУШТАЛДЫ:

  1. Негизги билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча ЖОЖдордун ролун жогорулатууга багытталган биргелешкен ырааттуу иш-чараларды ишке ашыруу, билим берүү жана илимий мекемелеринин өз ара байланышын күчөтүү.
  2. Мамлекеттик, расмий жана чет тилдерди маалыматтык технологияларды колдонуу формаларын менен ыкмаларын өнүктүрүү менен өркүндөтүү.
  3. Эл аралык стандарттарга ылайык (Европа, СНГ), «Компьютерная лингвистика» — 531200 багыты Гуманитардык багыттардын тобуна туура эмес киргизилип калганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн эки баскычтуу түзүмүн түзүү” жөнүндө 2011-жылдын 23-августундагы  № 496 токтомуна «Компьютерная лингвистика» багытын 710000- «Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар» багыттарынын тобуна киргизүү боюнча өзгөртүү киргизүү  маселелерин чечүү.
  4. Мамлекеттик, расмий жана чет тилдерин өнүктүрүү максатында, маалыматтык технологияларды билим берүү системасында кеңири колдонуу жана өнүктүрүү максатында, биздин республикада «Компьютердик лингвистика» багытындагы адистерди даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн бюджеттик орундарды бөлүп берүүнү сурануу.

Токтом жыйнтыктоочу отурумда бир добуштан кабыл алынды.

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Август 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Июл    
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031