“Азыркы билим берүүдө тил, ыйман, тарбия маселелеринин актуалдуулугу

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы биргеликте “Ыйман, адеп жана маданият”жылына карата уюштурган “Азыркы билим берүүдө тил, ыйман, тарбия маселелеринин актуалдуулугу” аттуу илимий-практикалык конференция И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунда бүгүн 16-мартта өткөрүлдү. Иш чарага КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү келип “Ыйман, адеп жана маданият”жылы жана анын мааниси тууралуу, ага карата өткөрүлүп жаткан иш-чара тууралуу омоктуу ойлорун билдиришти.

Өз кезегинде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев келечек муунга билим, тарбия берүүдө тилдин мааниси өтө жогору экендигин белгилеп өттү.

Андан соң баяндамачыларга кезек келип, КР ББАнын вице-президенти С.Байгазиев “Азыркы адеп тарбиясы: абалы, проблемалары жана милдеттери”, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору”Момундун” педагогикасы (Ч.Айтматовдун “Ак кеме” повестинин мисалында)”, Эл агартуунун отличниги Ж.Ысманова “Мектептеги адеп сабагы – окуучуларды тарбиялоонун булагы”, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти А.Эгембердиева “Ыйман, адеп маселесин акындардын чыгармачылыгында чагылдырылышы” аттуу баяндамалары менен эл алдында болушту.

Илимий жыйындын экинчи бөлүгү төмөнкү багыттарда иш алып баруу менен жыйынтыкталды:

  1. Ыйман, адеп маселесинин лингвистикалык аспектиде каралышы;
  2. Ыйман, адеп маселелеринин көркөм адабиятта чагылдырылышы;
  3. Окутууда ыйманга тарбиялоонун тарыхый аспектиси;
  4. Ыйман, адепке тарбиялоо теологиянын функциясы катары;
  5. Ыйман, адепке тарбиялоонун философиясы;
  6. Кыргыз искусствосу-ыйман, адепке тарбиялоонун жолу катары.
  7. ????????????????????????????????????

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Август 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Июл    
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031