Мамлекеттик тил: кечээ, бүгүн, эртең

Мамлекеттик тил: кечээ, бүгүн, эртең

Кыргыз Республикасынын Президентинин №155 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы кабыл алынып, анын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №151-б буйругу менен иш-чаралар планы бекитилген. Аталган программанын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү, билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү, тилдерге окутуу чөйрөсүндөгү, маданият чөйрөсүндөгү, китеп чыгаруу чөйрөсүндөгү, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү тил саясатын жакшыртуу милдеттери коюлган. Белгиленген максаттар канчалык деңгээлде ишке ашып жатат, ишке ашыруу үчүн канча каражат бөлүнгөн, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жылыштар барбы, мамлекеттик мекеме-уюмдардын иш кагаздарынын абалы кандай ж.б. суроолорго Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү “Кабар” маалымат агентигинде өткөн маалымат жыйында жооп беришти. Маалымат жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, төраганын орун басары М.Аким уулу, билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ишеналиева, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун директору А.Исманкулова жана котормо бөлүмүнүн башкы адиси М.Абдыжапар уулу катышып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Апрель 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Мар    
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930