“Балдар адабияты” сериясы

“Балдар адабияты” сериясы

 

Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн Улуттук программасына ылайык 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан 60ка жакын китеп чыгарылды. Мындан ары китептер тууралуу азыноолак маалымат берип, таанышырып турмакчыбыз:

Ш.Кулуевдин “Канат менен Жанат”, А.Нааматовдун “Амандын аӊгемелери”, Т.Абыкеевдин “Кайберендин кѳз жашы”, Б.Салмаганинин “Бурчу жок үй”, А.Момунтаеванын “Бал дүйнѳ”, С.Сейитованын “Ыр жомогум – канатым”, К.Абдиеванын “Кооздук жана ыймандуулук – жашоо көркү” аттуу балдарга арналган китептери “Балдар адабияты” сериясынын алкагында, айрымдары 500, айрымдары 1000 нуска менен басылып чыкты. Аталган китептер келечек муунду адептүүлүккө, эмгекчилдикке, чынчылдыкка, деги эле адамдык бийик сапаттарга тарбиялоого, руханий дүйнөсүн байытууга өбөлгө болору шексиз. Бул эмгектер сүрөттүүлүгү, көркөмдүүлүгү жана мазмундуулугу менен жаш окурмандарды өзүнө тарта алат деп ишенебиз.

Китептердин электрондук вариантын сайттын “Китептер” бөлүмүнөн тапсаңыз болот.

 

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Август 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Июл    
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031