Эл аралык эне тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевдин куттуктоо сөзү

 

Кыргыз тили – биримдик менен достуктун тили

Урматтуу мекендештер!

Дүйнө эли ар жылы 21-февралда эне тил күнүн белгилеп келүүдө. Бул күн көп улуттуу Кыргызстанда улуттар аралык биримдик менен ынтымакты чыңдай турган куттуу майрам катары кабылданып келет.

Эне тилди барктап, баалап, кадырын арттырып, анын өзөгүнө  уютулган улуттук нарк-насилди кемитип-бөксөртпөй урпактарга улантуу – ар жарандын атуулдук аруу милдети.

Өлкөнүн Баш Мыйзамында Кыргызстан элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүү укугуна кепилдик берилген.

Кыргыз Республикасында жашап жаткан этностордун тилдерин сактоо жана өнүктүрүү менен Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары мамлекеттик тилди кеңири колдонууну камсыз кылган натыйжалуу тил саясатын куруу – 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын негизги максаттарынын бири.  Ошону менен бирге эне тилин, мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдерди эркин билген кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялап өстүрүү аракеттери жигердүүлүк менен улантылып жатат. Бул иштерди турмушка ашыруу максатында мамлекет тарабынан зарыл каражаттар максаттуу негизде бөлүнүп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жаңы баскычына кадам таштадык.

Жарандардын тилди билүү деңгээлин аныктай турган Кыргызтест системасы түзүлүп бүтүп, ушул жылдан тарта мамлекеттик жогорку кызмат орундарын ээлеген бардык аткаминерлер сынактан өтө турган болду. Кийинки жылдан тарта мындай тажрыйба мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында улантылып, тиешелүү тастыктама бериле баштайт.

Доор өнүгүүсүнүн жаңы реалийлери улуттук тилибиздин ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүн шарттады. Ал мурда болуп-көрбөгөндөй сөз-корлору менен толукталып, байып, колдонуу чөйрөсү кеңейүүдө. Ушунун бардыгы келечекти утурлай иштелип чыккан мамлекеттик тил саясаты менен жалпы кыргыз журтчулугунун жапа-тырмак аракеттеринин үзүрү деп бааласак болот.

Улуу сөздөн уланып, Манастын тили катары ардакталган эне тилибиздин келечеги кең болсун!

 

 

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Июнь 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Май    
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930