Эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чаралар өтөт

21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата жер-жерлерде, мекемелерде иш-чаралар, жолугушуулар, конференциялар өтөрү маалымдалууда. Алсак, 15-февралда Кыргызстан элинин Ассамблеясы менен А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасы биргеликте “Тил – элдин баа жеткис байлыгы” аттуу адабий-музыкалык кече өткөрөт.

Ошондой эле, 18-февралда Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунда (ИСИТО) “Кыргыз, казак тилдериндеги термин жана терминология маселелери” аттуу эл аралык тегерек стол өтөт.Аталган иш-чараларга төрага Н.Ишекеев баштаган Мамлекеттик тил бонча улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышып, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге Улуттук комиссиянын сыйлыктары тапшырылат.

Ал эми 21-февралда саат 10:00дө КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил бонча улуттук комиссия “Мамлекеттик тил жана адабият: ыймандын, адептин, маданияттын табыгый булагы” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Конференция Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң азем залында өтөт.

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Февраль 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Янв    
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728