“Мамлекеттик тил жана адабият: ыйман, адеп жана маданияттын табыгый булагы

Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия КР Президентинин Жарлыгына ылайык, 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу, Эл аралык эне тил күнүнө карата “Мамлекеттик тил жана адабият: ыйман, адеп жана маданияттын табыгый булагы” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Конференция 21-февралда саат 10.00дө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң азем залында өтөт.

Конференцияда пленардык жыйын жана төмөнкүдөй секциялар иштейт:

1-секция. Мамлекеттик тилди окутуу аркылуу жаштарды адептүүлүккө, ыйманга жана маданиятка тарбиялоо

2-секция. Адабият адептүүлүктүн, ыймандын жана маданияттын өзөктүү каражаты

3-секция. Терминология жана котормонун түйүндүү маселелери

4-секция. Көп тилдүү билим берүүнүн көйгөйлүү маселелери жана келечеги

 

Конференцияга макалалар 2017-жылдын 17-февралына чейин nurzada671@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Март 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Фев    
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031