Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев илим тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жыйындар жайында педагогика илимдеринин докторлору, профессор А. Муратов, В.Мусаева, А.Муканбетовалар катышкан жыйын болуп өттү. Жыйындын катышуучулары “КРда 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына” ылайык билим берүү жана илим тармагындагы мамлекеттик тилдин маселелерин чечүү жолдору боюнча талкуу кылышып, андан сырткары КР Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы “2017-жылды ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” №1 Жарлыгынын алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө аткарылчу иштер боюнча ойлорун ортого салышты.

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Сентябрь 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Авг    
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930