Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев комиссиянын бөлүм башчылары менен жыйын курду

Бүгүн 9-январда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев комиссиянын бөлүм башчылары менен жыйын курду. Жыйында 2016-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү багытында аткарылган иштер боюнча чакан маалымат берилип, алдыда аткара турган иштер талкууланды. 2017-жылы “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык” бир топ алгылыктуу иштерди жүзөгө ашыруу мерчемделүүдө.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы Жарлыгы менен Назаркул Ишекеев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Март 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Фев    
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031