Студенттер арасында уюштурулуп жаткан Көркөм окуу сынагы жыйынтыкталат

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Тарых жана маданият” жылынын алкагында, КР Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата жана КР Президентинин “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” 01.07.2013-ж. №155 жарлыгына ылайык мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, тил маданиятынын деңгээлин жогорулатуу, көркөм адабий чыгармаларды жайылтуу жана таланттуу жаштарга дем берүү максатында 2016-жылдын сентябрь айында Көркөм окуу сынагын жарыялаган.

Сынактын алгачкы тандоо турлары Жогорку жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын ичинде өткөрүлүп, республикалык туруна катышуу үчүн ар бир окуу жайдан бирден катышуучу сунушталды.

Тандалган катышуучулардын арасында Көркөм окуу сынагынын жыйынтыктоо туру Эл аралык студенттер күнүнө карата 18-ноябрда саат 10:00дө К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде болот.

Катышуучулардын талантына, аткаруучулук чеберчилигине баа берүү үчүн  КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Драм театрынын, КР Жазуучулар союзунун өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу түзүлдү.

Сынактын катышуучулары жобого ылайык эл-жер, мекен, тарых, тил, эгемендик сыяктуу ж.б. мекенчилдикке үндөгөн темадагы чыгармаларды көркөм окуу менен катышат.

Эске сала кетсек, буга чейин Көркөм окуу сынагы мектеп окуучулары арасында уюштурулуп келген.

Комментарии закрыты.


«Мамтил-Лингво»

Апрель 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Мар    
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930