10.08.2017

Күндүн жыйынтыгы: 10-августта мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча сынакты 4 талапкер тапшырып, бири өтпөй калды

Бүгүн 10-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн планына ылайык талапкерлер Масалиев Исхак Абсаматович, Мактымбаев Калмамат, Малиев Арсланбек Касымакунович жана Шайымбетов Казыбек Орозакунович сынактан өтүштү. Тестирлөөгө биринчи болуп саат 9:00дө кирген талапкер Масалиев Исхак Абсаматович сынактын жыйынтыгында 82,25 балл алды. Андан кийинки кезекте “Кыргызтест” борборуна тестирлөөдөн өтүү үчүн келген […]

Толугу менен >>

Талапкер К.Шайымбетов сынактан жакшы балл алды

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөдөн өткөн талапкер Шайымбетов Казыбек Орозакунович жакшы жыйынтык көрсөтө алды. Тактап айтканда, 79,37 балл алган талапкер К.Шайымбетов, тапшырыла турган сертификатты күтүп жатат. Күндүн жыйынтыгы менен тесттен ийгиликтүү өткөн талапкерлерге В2 деңгээлиндеги сертификаттар берилери маалым. ВконтактеFacebookTwitterОдноклассникиМой мир

Толугу менен >>

Талапкер А.Малиев сынактан ийгиликтүү өттү

Талапкер Малиев Арсланбек Касымакунович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча сынактан ийгиликтүү өттү деп табылды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнү өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө Жобонун бардык талаптарын аткарган талапкер А.Малиев 64, 27 балл топтой алды. Бүгүн 10-августта түшкө чейинки убакытта талапкерлер Масалиев Исхак Абсаматович […]

Толугу менен >>

КР Президентинин кызматына талапкер К.Шайымбетов тил сынагынан өтүп жатат

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөдөн кезектеги талапкер Шайымбетов Казыбек Орозакунович өтүп баштады. 10-августта белгиленген талапкерлердин соңкусу болуп сынакка кирген К.Шайымбетов бардык талапкерлердей эле 4 субтесттен өтүүсү шарт. Ал эми талапкер А.Малиев соңку субтесттерди тапшырып жатат. Бүгүн 10-августта түшкө чейинки убакытта талапкерлер Масалиев Исхак Абсаматович сынактан ийгиликтүү өтүп, Калмамат […]

Толугу менен >>

Кезектеги талапкер А.Малиев тест тапшырып жатат

Талапкер Малиев Арсланбек Касымакунович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча сынакты тапшырып баштады. Тестирлөө планына ылайык талапкер А.Малиев саат 13:30да тестирлөө жайынан орун алды. Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнү өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө Жобого ылайык Лексика-грамматика, жазуу” (50 мүнөт), “Аудирлөө” (25 мүнөт), […]

Толугу менен >>

Талапкер К.Мактымбаев тесттен талаптагыдай балл топтой алган жок

Талапкер Мактымбаев Калмамат Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча сынакты тапшырып бүттү. Жыйынтыгында 24,6 балл алган К.Мактымбаевге Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты эмес, канча балл топтой алгандыгын билдирген маалым кат гана берилет. Бүгүн талапкер Масалиев Исхак Абсаматович сынактан ийгиликтүү өттү. Алдыда талапкерлер Малиев Арсланбек Касымакунович жана Шайымбетов Казыбек Орозакунович […]

Толугу менен >>


«Мамтил-Лингво»

Август 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Июл    
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031