19.04.2017

«Мамлекеттик, расмий жана чет тилдерин изилдөө жана өнүктүрүүдө маалыматтык технологияларды киргизүү маселелери жана келечеги» аттуу V Эл аралык илимий — практикалык конференциянын РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

              Конференциянын уюштуруучулары: Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТАУ), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил илими жана адабият институту  . Конференция 2017–жылдын 14–апрелинде КМКТАУнун чоң жыйындар залында өткөрүлдү. Конференцияда Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү коомдук ишмерлери жана белгилүү окумуштуулар катышышты: […]

Толугу менен >>

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында «Мамлекеттик тилдин медицинадагы актуалдуу маселелери» аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференциясынын резолюциясы

Жогорку окуу жайлар аралык мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборун түзүү (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын базасында); Кош тилдүү анатомиялык атластарды түзүү; Окуу-усулдук колдонмолорду мамлекеттик тилде чыгарууну бардык кафедраларга милдеттендирүү; И.К.Ахунбаев атындагы КММАда жыл сайын өткөрүлүүчү «Илим күндөрүнүн» алкагында мамлекеттик тил секциясын уюштуруу.   ВконтактеFacebookTwitterОдноклассникиМой мир

Толугу менен >>

“Мектептерде мамлекеттик тилди окутуу: тажрыйбалар жана табылгалар” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференциянын резолюциясы

  Жалпы билим берүүчү орто мектептердин кыргыз тили боюнча окуу программаларын эл аралык стандарттын негизинде иштелип чыккан “Кыргызтест” системасынын талаптарына  ылайык деңгээлдер боюнча иштеп чыгуу; Окуу китептеринин мазмундук деңгээлге ылайык иштелип чыккан жаңы муунун даярдоо; Мамлекеттик тилди окутуунун методикасы менен технологияларын өркүндөтүүнү колго алуу; Мамлекеттик тилди угуп түшүнүү, лексикалык-грамматикалык бөлүктөн, окуу, жазуу жана сүйлөшүү бөлүмдөрүнөн […]

Толугу менен >>

Мамлекеттик тилдин маалыматтык технологиялардагы маанисин арттыруу үчүн алгылыктуу аракеттер көрүлүүдө

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия мамлекеттик тилди интернет айдыңында жана маалыматтык технологияларда өркүндөтүү боюнча аракеттерди көрүп, алгылыктуу иштерди аткарып келе жатат. Бүгүн 19-апрелде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жыйындар жайында ЖОЖдордун өкүлдөрү менен Улутсофт компаниясынын директору М.Окенов менен жолугушуу өттү. Жолугушууда М.Окенов маалыматтык технологиялардагы мамлекеттик тилдин орду жөнүндө кенен маалымат берди. Ошондой […]

Толугу менен >>

«Тил саясаты жана кыргыз терминологиясынын актуалдуу маселелери» аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, КР Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссия жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети биргеликте “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын” жүзөгө ашыруу жана кыргыз тилиндеги терминологияны унификациялоо максатында 2017-жылдын 20-21-апрелинде саат 10:00дө «Тил саясаты жана кыргыз терминологиясынын актуалдуу маселелери» аттуу Республикалык илимий-практикалык конференциясын өткөрөт. […]

Толугу менен >>

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Манас таануу” интеллектуалдык таймашын өткөрүүдө өнөктөш болууда

“Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында, улуу манасчы С.Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине арналган Коомдук биринчи каналдын “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өнөктөш катары колдоо көрсөтүүдө. Таймаштын “Сыр куржун” бөлүмүндө катышуучулар “Манас” эпосунан алынган көөнө сөздөрдүн, терминдердин жана макал-лакаптардын маанисин эпостон мисал келтирип, туура чечмелеп түшүндүрүп берүүсүнө калыстык […]

Толугу менен >>


«Мамтил-Лингво»

Апрель 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Мар    
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930