Апрель, 2017

“Кыргыз балдар адабиятынын азыркы ѳнүгүү багыттары” аттуу тегерек стол өттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, “Алтын калем” коомдук фонду, Кыргыз Республикасындагы ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясы биргеликте 25-26-апрель күндөрү “Кыргыз балдар адабиятынын азыркы ѳнүгүү багыттары” аттуу тегерек стол уюштуруп анда азыркы балдар адабиятынын абалын, көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулашты. Иш чарага  Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты. Кеңешменин жыйынтыгы менен  балдар адабиятын […]

Толугу менен >>

Жаш калемгерлердин китептери “Дүбүрт” сериясынын алкагында жарык көрүп жатат

            «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына” ылайык “Дүбүрт” сериясынын алкагында 2016-жылдын эсебинен даярдалган китептер жарык көрүүдө. Алардын бири жаш калемгер Артём Хегайдын «Шкатулка с зеркалами» аттуу чакан жыйнагынын бет ачар аземи болуп, ага Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү катары Б.Ибрагимова катышып келди. […]

Толугу менен >>

Википедияга кыргыз тилинде 66 миң макала киргизилген

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2017-жылдын 27-апрелинде Н.Исанов атындагы КМКТАУнун жыйындар жайында “Улутсофт” компаниясы менен ЖОЖдордун студенттери үчүн жолугушуу уюштурду. Жолугушууда “Улутсофт” компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов жаңы маалыматтык технологиялардагы кыргыз тилинин орду жөнүндө маалымат берип жатып, учурда Microsoft Windows (7-версиясынан баштап), Microsoft Office (2010-жылдагы версиясынан баштап), Google, Youtube, Android сыяктуу маалыматтык […]

Толугу менен >>

ЖОЖдор арасында мамлекеттик тил боюнча өткөрүлгөн I студенттик олимпиада тууралуу МТТ каналынан көрүңүздөр

КТРКнын “Маданият, тарых, тил” каналынын ар шаршемби сайын эфирге чыгуучу “Улут наркы улуу тил” берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышы Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар арасында мамлекеттик тил боюнча өткөрүлгөн I студенттик олимпиада тууралуу болмокчу. Түз эфирде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору, олимпиаданын уюштуруучусу Тиллебаев Садык Алаханович, Билим берүүдөгү заманбап маалымат технологиялары институтунун (ИСИТО) […]

Толугу менен >>

“Улутсофт” компаниясы менен ЖОЖдордун студенттери жолугат

  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2017-жылдын 27-апрелинде саат 14:00дө “Улутсофт” компаниясы менен ЖОЖдордун студенттери үчүн жолугушуу уюштурат. Жолугушуунун максаты мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана жогорку жайдын студенттеринен турган демилгелүү топту Википедияга маалымат киргизүү ишине жигердүү аралаштыруу. Жолугушуу Н.Исанов атындагы КМКТАУнун жыйындар жайында өткөрүлмөкчү. ВконтактеFacebookTwitterОдноклассникиМой мир

Толугу менен >>

“Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашынын жеңүүчүлөрүнө Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өз сыйлыктарын тапшырды

23-апрелде Коомдук телерадиоберүү корпорациясында “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашын жыйынтыктоо жана жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Республикалык таймашка жалпысынан 30 топ чыгып, алардын 10 тобу окутуу орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерден келишкен. Таймаштын жыйынтыгында Нарын районунун Э.Токсобаев атындагы орто мектебинен келген “Нурбаян” тобу баш байгени багындырып, 1-орунга Кара-Буура районунун Т.Бабанов атындагы орто мектебинен келген “Ак […]

Толугу менен >>


«Мамтил-Лингво»

Апрель 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Мар   Май »
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930