Март, 2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жолугушту

Бүгүн 28-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев менен жолугуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси боюнча сүйлөшүү жүрдү. Н.Ишекеев Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын аткарылышы боюнча жана аталган программанын ишке ашуусун көзөмөлдөөчү жумушчу топтун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. […]

Толугу менен >>

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери КР Өкмөтүнүн алкыш барагына ээ болду

КР Премьер-министринин 2016-жылдын 29-декабрындагы № 716 буйругу менен, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн “Кыргыз Республиксынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери КР Өкмөтүнүн алкыш барагына ээ болушту. Алар : Билим берүү, уюштуруу жана мамлекеттик тилди компьютерлештирүү бөлүмүнүн башчысы  Ишеналиева Аида Огобековна, билим […]

Толугу менен >>

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө буйрукка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы №478-б буйругунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрында №617 токтому менен бекитилген 2017-жылдын Статистикалык иштеринин программасын жана “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын”   ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо иретинде, Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратында […]

Толугу менен >>

Бишкек шаарынын көчөлөрүндө илинген көрүнүктүү ишкана-мекемелердин көрнөк-жарнактарында КР «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамы бузулган.

ВконтактеFacebookTwitterОдноклассникиМой мир

Толугу менен >>

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан чыгарылган китептер окумдуу китептердин катарында

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги 2016-жылы чыккан китептердин арасынан жаңычылдыгы, окурмандардын суранычы менен кайра басылганы жана кызыкчылык жараткандыгы менен өзгөчөлөнгөн китептерди окурмандарга сунуштаган.  Мыкты деп табылган 8 китептин арасына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан чыгарылган С.Акматбекованын «Жандептер» жана Э.Эрматов түзгөн «Туяк ырчы» китептери да кирген. Э.Эрматов түзгөн «Туяк ырчы»туурасында профессор, публицист Абдыкерим Муратов мындай пикирин билдирген: […]

Толугу менен >>

Биринчи май районуна караштуу орус тилдүү мектептер “Көп тилдүүлүк программасын” апробациялоого катышып жатышат

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылы 4-ноябрындагы №1427/1 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасында көп маданиттуу жана көп тилдүү Билим берүү Концепциясын, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын, 2014-2020-жылдарга Билим берүү Концепциясын өнүктүрүү максатында Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын 2016-жылы 8-ноябрь айындагы №510 буйругунун негизинде Биринчи май районуна […]

Толугу менен >>


«Мамтил-Лингво»

Март 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Фев   Апр »
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031