Сүрөт галерея

2 2gs 2ts 3 4 4a 4aert 4dh7 4s4 4sh 5 5u4 5y6 5ybh 5шл 6 7 8 8kh 9 9 10 12 23gs 23v 43w 43w 46jg 46jg 54к 76kh 145 235у 256 346 547 783 2665 3643 13398 13398 13592 39295 a4yh

SN850183oSN850018_DSC2369_DSC2346ekSN851980SN850001_DSC0021SN85194813275tiltrener2

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты.

23.01.2015 Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы кесиптик-техникалык билим берүү  агенттигинде болуп, жетекчилер менен жолугушту.  Сүйлөшүү учурунда мамлекеттик тилдин кесиптик-техникалык билим берүү жаатындагы абалын жакшыртуу маселелери талкууланып, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын максаттуу индикаторлорунда белгиленген агенттике тийиштүү иштерди аткаруу белгиленди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында агенттиктин директору Чолпонкулов Т.А. ар бир кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкер дайындалып, тил маселеси жөнгө салынаарын билдирди.

ТИЛ БИЛГИҢ КЕЛСЕ – ТРЕНЕР ДАЯР

Быйылкы жыл жакшы саамалык менен башталууда. 2014 – 2020-жылдарда Кыргыз Республикасында  мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүүнүн  Улуттук программасын турмушка ашырууга багытталган эл аралык уюмдар менен биргелешкен долбоордун биринчи баскычы аягына чыкты. Ош шаарындагы “Ош нуру” мейманканасында жана Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы жаштар китепканасында окутуу расмий жана башка этнос тилиндеги мектептерде мамлекеттик тилди окутуучулар менен жаштар борборлорунун өкүлдөрү үчүн бир жумага созулган семинар-тренинг болуп өттү.

 Семинар-тренинг КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия алдындагы Окутуу-борборунун тажырыйбалуу тилчи-мугалимдери тарабынан ѳткѳрүлдү. Тренингде республиканын бардык облустарынын пилоттук мектептеринен тандалып алынган окутуу расмий жана башка этнос тилиндеги мектептерде мамлекеттик тилди окутуучулар менен жаштар борборлорунун өкүлдөрү сабак алышты. Семинар-тренингде жер-жерлерде жергиликтүү этнос ѳкүлдѳрүн, жаштар менен мугалимдерди мамлекеттик тилге окутуучу 80ден ашуун тренер даярдалды. Алардын бардыгы тренингдик окуу программаларынын пакети менен камсыз болушту. Эми алар өздөрү эмгектенген мектеп мугалимдерине сабактарды эки тилде өтүүгө көмөктөшөт. Ал эми жаш тренерлер болсо өздөрүнүн тели-теңтуштары менен жаштар борборлорунун мүчөлөрүнө мамлекеттик тилдин маанисин түшүндүрүп, кыргыз тилин үйрөнүүнүн эң жеңил усулдарын сунуш кылышмакчы.

2014-жылдын июнь айынан тарта биздин республикада эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун көмөгү менен “Кыргыз Республикасынын айрым региондорунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү колдоо” долбоору иштеп жатат. Аны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия алдындагы Окутуу-маалымат борборуна жүктөлгөн. Аталган долбоор алкагында: кыргыз тилин үйрөнүүнү каалаган ар кыл калк катмарын окутуучу мугалимдер жана жаштар үчүн стандарттык программалар жана окуу куралдары иштелип чыкты; жер-жерлерде мамлекеттик ж.б. тилди үйрөтүүчү акысыз окуу курстары уюштурулду; калктын ар кыл катмарынын кызыкчылыктарына ылайык суроо-тесттер жана электрондук окуу каражаттары иштелип чыкты.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн ЮНИСЕФ тарабынан 25 миң АКШ доллары бѳлүнгѳн.

Ата журтта бир күн (сүрөт)


«Мамтил-Лингво»

Январь 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Дек    
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031