Жаңылыктар

Н.Ишекеев ЕККУнун өкүлдөрү менен жолукту

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиянын жыйындар жайында ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссары кеңсесинин директорунун саясий кеңешчи Андрей Хаджин, Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү боюнча бөлүмдүн жетекчиси Боб Дин, долбоорлордунжетекчиси Михаэль Ангерманн менен жолугушуу өттү. Жолугушууда 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, мамлекеттик тилдин бириктирүүчүлүк ролун чыңдоо боюнча иштелип […]

Толугу менен >>

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде мамлекеттик тилдин абалы кандай?

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын 2017-жылдын 28-февралындагы №39 буйругуна ылайык түзүлгөн жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде иш кагаздарын жүргүзүүдөгү мамлекеттик тилдин абалы менен таанышып чыгуу жана жардам көрсөтүү максатында мониторинг иштери жүргүзүлгөн. Иш кагаздары менен таанышуунун жыйынтыгында маалым кат даярдалып, 22-июнда министрликте жолугушуу […]

Толугу менен >>

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Азаттык” үналгысына “Алкыш барагын”ыйгарды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Азаттык” үналгысына Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн “Алкыш барагын”ыйгарды. Төрага Назаркул Ишекеев “Алкыш барагын” “Азаттыктын” кабарчысы Зайырбек Ажыматовго тапшырып жатып үналгынын маалымат айдыңындагы ордун, калк ичиндеги кадырын баса белгилеп өттү. Сыйлык менен кошо журналисттерге өтө зарыл болгон“Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн” 2 […]

Толугу менен >>

Жалал-Абад облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери мамлекеттик тил боюнча билимдерин жогорулатышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Мамлекеттик  тил боюнча улуттук комиссиянын  алдындагы Окуу-маалымат борбору Жалал-Абад облусунда өткөрүп жаткан окуу иштерин аяктады. «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн негиздери» аттуу 24 (жыйырма төрт)  сааттык методикалык семинар-тренингине катышкан Чаткал ,Аксы, Ала-Бука  райондорунун жана  Таш-Көмүр шаарынын  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери 14-июндан 16-июнга чейин билимдерин жогорулатышты. Семинар-трениг  Аксы районунун орто билим берүү […]

Толугу менен >>

Назаркул Ишекеев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Али Хакимпур менен жолугушту

Бүгүн 19-июнда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев менен Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Али Хакимпур жолугушту. Жолугушуунун максаты эки элдин узак убакыттан бери келе жаткан маданий байланышын өркүндөтүү. Жолугушууда кыргыз тили менен иран тилинин ортосундагы байланыш жана аларды изилдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Соңунда эки тарап […]

Толугу менен >>

Илимдин өкүлдөрүнө Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Ардак грамотасы” тапшырылды

Бүгүн 15-июнда Н.Ишекеев КР Улуттук илимдер академиясынын бир катар кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Ардак грамотасын” тапшырды. Сыйлык тапшыруу окумуштуулар кеңешинин жыйынынын алкагында болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн сыйлыкка ээ болгон КР Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери Тургунбаева Жылдыз Жакыпбекова Аида Өмүров Бактыяр […]

Толугу менен >>


«Мамтил-Лингво»

Июнь 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Май    
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930