Укуктук ченемдик актылар

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН N 370-V ТОКТОМУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин

ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар тууралуу маселени карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн мамлекет зарыл шарттарды түзүп, мамлекеттик тилди колдоо жана жайылтуу боюнча мамлекеттик программаларды кабыл алат жана ишке ашырат. Бирок, бул Мыйзам кабыл алынган учурдан тартып өткөн мезгилдин ичинде анын ченемдеринин көпчүлүгү мамлекеттик саясатта чагылдырылбай, чыныгы мазмунга каныкпаган бойдон калды. Мына ушуга байланыштуу азыркы коомдун иш жүзүндөгү муктаждыктарын эске алуучу мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча чаралардын комплексин кабыл алуунун зарылдыгы бышып жетилди.

Жогоруда баяндалгандарды эске алып, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерин болушунча ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 9-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргелешип каржылоонун булактарын аныктоо менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн, жайылтуунун жана пайдалануунун жалпы мамлекеттик программасын иштеп чыксын жана аны 2011-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

— «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди үйрөнүү жана өздөштүрүү үчүн өз кызматкерлерине зарыл шарттарды түзүү мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине тапшырсын;

— «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык жогорку окуу жайларында, жалпы билим берүү мекемелеринде (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда), мектепке чейинки мекемелерде (бала бакчаларда) кыргыз тилин окутуп-үйрөтүү боюнча окуу сааттарынын санын көбөйтүү маселесин карасын; калкты кыргыз тилине үйрөтүүнүн түрү катары чет өлкөлөрдөн чыгарылган илимий-популярдуу, билим берүүчүлүк, документалдуу, телевизиондук, мультипликациялык жана көркөм фильмдерди мамлекеттик тилге которууну (дубляжды) камсыз кылуу боюнча механизмдерди иштеп чыксын;

— «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык мамлекеттик тилди толук колдоо үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан пайдаланылуучу компьютерлерди программалык камсыз кылуу менен милдеттүү комплектөөнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик бюджеттен каражаттарды карасын;

— «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик билим берүү уюмдарына компьютерлерди сатып алуу боюнча тендерлердин шарттарына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин толук колдоо үчүн программалардын милдеттүү түрдө болушу тууралуу ченемди киргизсин;

— «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде жалпы колдонуудагы төп келүүчүлүгү жок чет өлкөлүк терминдерди албаганда кыргыз адабий тилинин ченемдерине ылайык келбеген сөздөр менен сөз айкалыштарын пайдаланган кепти камтыган берүүлөрдү обого чыгарууга жол бербөө мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарына милдеттендирилсин, ошондой эле менчик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарына сунуш кылынсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү илим маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Келдибеков

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН N 1592-IV ТОКТОМУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин

өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган күндөн бери 20 жылдан ашык өткөндүгүнө карабастан дүйнөлүк классикалык көркөм, анын ичинде балдар адабиятынын чыгармаларын, ар кыл сөздүктөрдү которуу жана бастырып чыгаруу боюнча, ошондой эле көркөм жана мультипликациялык фильмдерди жаратуу боюнча иш тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзгөчө белгилейт. Бул кырдаал, тажрыйба көрсөткөндөй, элдин руханий жана маданий өнүгүшүнө, анын көз карашынын мезгилдин талаптарына ылайык калыптанышына жана республиканын жарандарынын мамлекеттик тилге кызыгуусуна терс таасир тийгизип жатат.

Дүйнөлүк классикалык жана балдар адабиятынын чыгармаларын, анимациянын жана кинонун мыкты үлгүлөрүн мамлекеттик тилге которууга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгын эске алып, ошондой эле мамлекеттик тилди андан ары өнүктүрүү жана байытуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

  1. 2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

— дүйнөлүк классикалык жана балдар адабиятынын чыгармаларын, анимациянын жана кинонун мыкты үлгүлөрүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине которууну жүзөгө ашыруу үчүн каржы каражаттарын жыл сайын бөлүп берип турсун;

— кыргыз-англис сөздүгүн, кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн, дипломаттар (элчилер) үчүн сөздүктү, иш кагаздар сөздүгүн, жалпы терминдик сөздүктү түзүү жана кыргызча-орусча сөздүктү кайра бастырып чыгаруу үчүн каржы каражаттарын бөлүп берүүнү карасын:

— мамлекеттик тилде мультипликациялык, көркөм фильмдерди жана адабий чыгармаларды жаратуу үчүн каржы каражаттарын бөлүп берүүнү практикага киргизсин;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маданият агенттигинин, Кыргыз Энциклопедиясынын, басмалардын, «Кыргызфильм» киностудиясынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын «Дөөлөт» студиясынын мүмкүнчүлүктөрүн жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн пайдалансын.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маданият агенттиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы өздөрүнүн «алтын фондунда» болгон өткөн жылдардын ырларынын фонограммаларын, коюлган пьесалардын, кинофильмдердин пленкалары менен көрмө кассеталарын менчик телерадиокомпаниялардын нускалоосу жана жайылтуусу үчүн берүүнүн механизмин иштеп чыксын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (Л.Ч.Сыдыкова) жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасынын орун басары Ч.Баекова

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН N 567 ТОКТОМУ

Бишкек шаары

2008-жылдын 26-июну N 567-IV

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2002-жылдын 28-июнундагы З N 830-II «Кыргыз тилинин

орфографиясынын жаңы редакциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомуна

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу

 

2002-жылдын 28-июнундагы З N 830-II «Кыргыз тилинин орфографиясынын жаны редакциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

  1. 2002-жылдын 28-июнундагы З N 830-II «Кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин (тиркелет).
  2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар, уюмдар жана ишканалар кыргыз тилинин жаңы орфографиясын киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен пайдаланууга милдеттендирилсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясын киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен колдонууга киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
  4. Ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы А. Тагаев

 

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

2008-жылдын 26-июнундагы

N 567-IV токтомуна

Тиркеме

 

Кыргыз тилинин жазуу эрежелерине (жаңы редакциясына) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

  1. 1-§ төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«1-§. Кыргыз адабий тилинде отуз тогуз тыбыш бар: он төрт үндүү, жыйырма беш үнсүз. Үндүүлөрдүн сегизи — кыска: а, э, о, ө, ы, и, у, ү; алтоо — созулма: аа, ээ, оо, өө, уу, үү; жетөө — жоон: а, аа, о, оо, ы, у, уу; жетөө — ичке: э, ээ, ө, өө, и, ү, үү. Үнсүздөрдүн алтоо — уяң: м, н, ң, р, й, л; сегизи — жумшак: б, в, д, ж, ж, з, г, г; он бири каткалаң: п, ф, с, ш, щ, ч, х, к, к, т, ц.».

  1. 2-§тагы «Эскертүү» алынып салынсын.
  2. 4-§ төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«4-§. Жазууда э тамгасы төмөнкүчө колдонулат:

  1. Кыргыз тилиндеги сөздөрдө э тыбышы сөздүн башталышында келсе, э тамгасы менен, сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин келген учурларда е тамгасы менен белгиленет, ал эми созулма түрү бардык учурда ээ болуп жазылат. М.: сөз башында — эгин, эки, элик, эр, эски, сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин — бет, жер, желек, темир, тирек, кетмен, беде, бетеге, кеңешме, кереге, ар түрдүү орундарда — элек, эмгек, эне, эрте, созулма түрүндө: ээр, жээк, жээн, керээз, мээр ж.б.
  2. Орус тилинен же орус тили аркылуу чет тилдерден кирген бир катар сөздөрдө жана энчилүү аттарда айтылыш өзгөчөлүгүн айрыкча белгилеп көрсөтүү максатында сөз башында, үндүүлөрдөн кийин жана үнсүздөрдөн кийин да э жазылышына жол берилет. М.: сөз башында — экватор, экономика, экран, экскурсия, экзамен, энергия, экспедиция; үндүүлөрдөн кийин — аэродром, аэропорт, поэзия, статуэтка, фаэтон, алоэ, үнсүздөрдөн кийин мэр, сэр, Чжу Дэ, Улан-Удэ.».
  3. 5-§та:

— «мүчө» деген сөздөн кийин «же сөз» деген сөздөр алынып салынсын;

— келтирилген мисалдардагы «сары-ала-сарала, тору-ала-торала, тору-айгыр-торайгыр» деген сөздөр алынып салынсын.

  1. Эреже 5-§тан кийин төмөнкү мазмундагы 6-§ менен толукталсын:

«6-§. Уңгу сөздөрдө болсун, же сөзгө мүчө уланганда болсун, оо, уу созулма үндүүлөрү йоттошкон тыбыштардан же й тыбышынан кийин катарлаш келген учурларда алардын айкалышы ёо, юу түрүндө жазылат: аюу, коюу, бое+оо — боео, ая+оо — аёо, тая+оо — таёо, жай+уу — жаюу, кой+уу — коюу ж.б.».

  1. 6-7-§тар тиешелүүлүгүнө жараша 7-8-§тар деп эсептелинсин.
  2. 8-§ 9-§ деп эсептелинип, төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«9-§. Б тамгасынын жазылышы

Б тыбышы эки үндүүнүн ортосунда жылчыкчыл в тыбышына окшош айтылса да, жазууда б тамгасы менен жазылат: ооба, аба, собол («суроо» маанисиндеги сөз), өбөлгө, обон, үбөлүк, кубаныч, убал, добуш ж.б.».

  1. Эреже 9-§тан кийин төмөнкү мазмундагы 10-17-§тар менен толукталсын:

«10-§. Г тамгасынын жазылышы

  1. Сөздөгү же муундагы жоон же ичке үндүүлөрдүн катышына карай г тамгасы эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.
  2. Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы түпчүл г (гы) тыбышын билдирет: ага, агыш, айгыр, бугу, булгаары, гана, жоогазын, жыргал, кургак, шагыл.
  3. Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы орточул г (ги) тыбышын билдирет: гүл, дөңгөлөк, илгич, кемеге, тегирмен, үгүт, чегедек, эгин.
  4. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да г тамгасы орточул г (ги) тыбышын билдирет: газ, галстук, гигиена, госпиталь, градус, агитатор, агроном, бригада.
  5. Бир катар сөздөрдө г тыбышы сөздүн эң аягына келгенде, каткалаң к тыбышы сыяктуу айтылат. Бирок, жазууда г тыбышы сакталып кала берет: педагок (айтылышы) — педагог (жазылышы) налок (айтылышы) — налог (жазылышы), диалок (айтылышы) — диалог (жазылышы), демагок (айтылышы) — демагог (жазылышы), залок (айтылышы) — залог (жазылышы).

11-§. Ж тамгасынын жазылышы

Кыргыз тилиндеги ж тыбышы менен орус тилинен кабыл алынган сөздөрдөгү ж тыбышынын айтылышы бири-бирине туура келбесе да, бул эки тыбыш бир гана тамга аркылуу берилет: жашыл, желек, жигит, жолборс, жөнөкөй, жумшак, жүн, жыгач, жандарм, жюри, пейзаж, мажбур, муктаж.

12-§. К тамгасынын жазылышы

Сөздөгү же муундагы жоон, ичке үндүүлөрдүн катышына карай к эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.

  1. Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда к тамгасы түпчүл к (кы) тыбышын билдирет: кагаз, как, кайчы, кокту, кокустук, кургак, кызык, аксак, мокок, окуу, сактык, тамак, укук.
  2. Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда к тамгасы орточул к (ки) тыбышын билдирет: кедей, кекилик, кийим, кичинекей, көгүчкөн, күлкү, ичке, айыпкер, эшик.
  3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да к тамгасы орточул к(ки) тыбышын билдирет: кадр, казарма, картон, климат, кодекс, курорт, край, лектор, полковник, тактика, факультет, хоккей, экспонат.

13-§. Ф, х, ц, щ тамгаларынын жазылышы

  1. Алфавиттен орун алган ф, х, ц, щ тамгалары дээрлик орус тили аркылуу кирген сөздөрдө колдонулат: фабрика, фамилия, ферма, фляга, цемент, цех, патефон, плащ, художник, цензура, футбол, химия, экскаваторщик, цирк, циркуль, щетка.
  2. Кыргыз тилинде ф тамгасы айрым тууранды жана сырдык сөздөрдө, ошондой эле кээ бир энчилүү аттарда гана колдонулат: Уф! Кундүн ысыгын карачы. Бөф! Жыты жаман экен. Фатима, Фарида (кишинин аттары).
  3. Кыргыз тилинде х тыбышы хан, пахта деген сөздөрдө, ха-ха, ах, бах, төх сыяктуу сырдык же тууранды сөздөрдө гана колдонулат.
  4. Араб, иран тилдеринен кирип, айрым тектеш тилдерде х аркылуу айтылып жана жазылып жүргөн рахмат, рахат, хурма, хурсант, хуштар сыяктуу сөздөрдүн кыргызча к аркылуу айтылышына жана жазылышына да жол берилет: ыракмат, ыракат, курма, курсант, куштар.

 

  1. Йоттошкон е, ё, ю, я тамгаларынын жазылышы

 

14-§. Йоттошкон е тамгасы төмөнкү учурларда жазылат:

  1. Үндүү и тыбышынан кийин йоттошкон йэ тыбышын билдирүү үчүн колдонулат: тиешелүү, тиер-тийбес, чие, чиеленген.
  2. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө сөз башында жана үндүүлөрдөн кийин йэ тыбышын билдирет: Европа, Египет, евангелие, траектория, реестр, диета, иероглиф, клиентура, проект, уезд.
  3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөргө үндүү менен башталган же үндүү тыбыштан турган көбүнчө чакчыл -а (-е) мүчөсү уланганда жазууда йе же йэ түрүндө берилбестен, е тамгасы аркылуу гана берилет: кий — киет, чий — чиет, кеңей — кеңеет. Булардын кийет, чийет, кеңейет же кеңейэт болуп жазылышына жол берилбейт.

15-§. Кыргыз тилинде ё тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:

  1. ё тамгасы уңгу сөздөрдө үндүүлөрдөн, көбүнчө о тамгасынан кийин гана жазылып, татаал йо (й+о) тыбышынын ордуна жүрөт: бое, боек, коен, оен. Бул сыяктуу сөздөр бойо, бойок, койон, ойон түрүндө йо менен жазылбайт.
  2. Кой, сой, чой, той сыяктуу аягы -ой менен бүткөн уңгу сөздөргө о тыбышы менен келген мүчөнүн айкалышы йо аркылуу койот, сойот, чойот, тойот болуп жазылбастан, ё тамгасы менен берилет сой-соет, чой-чоет, той-тоет.
  3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө ё тамгасы төмөнкүчө колдонулат:

— сөз башында үндүүлөрдөн кийин ё тамгасы йо (й+о) тыбыштарынын ордуна жүрөт: елка, заем.

— бир катар сөздөрдө ё тамгасы үнсүздөрдөн кийин о тыбышынын ичке айтылышын билдирүү үчүн колдонулат: вертолет, самолет, суфлер, актер.

— ё тамгасы ф тамгасынан кийин кээ бир энчилүү аттарда жана чет тилдерден кирген айрым сөздөрдө гана жазылат: Федор, шофер.

— орус тили аркылуу кирген бир катар сөздөрдө ж, ч, щ тыбыштарынан кийин ё тамгасынын жазылышы учурайт: дирижер, стажер, зачет, счет, счетчик, щелочь, щетка.

— төмөнкүдөй кабыл алынган сөздөр ё тамгасы менен эмес, йо тамгалары менен жазылат: йод, район, майор, Нью-Йорк.

16-§. Кыргыз тилинде ю тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:

  1. Уңгу сөздөрдө ю й+у тамгаларынын ордуна жүрөт: куюн, оюн, уюм, чоюн.
  2. Аягы й менен бүткөн сөздөргө таандык мүчөлөр же -ын, -ыл, -ыш сыяктуу үндүү менен башталган мүчөлөр уланганда тыбыштык йу айкалышы ю тамгасы менен берилет: кой+ым — коюм, кой+ын — коюң, той+ын — тоюн, сой+ыш — союш ж.б.
  3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөрдөн кийин созулма уу мүчөсү келген учурларда, алардын айкалышы -йуу түрүндө жазылбастан юу түрүндө жазылат: кой+уу — коюу, сой+уу — союу ж.б.
  4. Жазууда ю тамгасы орус тили аркылуу кирген сөздөрдө орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: бюст, жюри, парашют, бюро.

17-§. Кыргыз тилинде я тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:

  1. Уңгу сөздөрдө й жана а тыбыштарынын айкалышын билдирет: аяк (айак), аянт (айант), баянда (байанда), даяр (дайар), уят (уйат).
  2. Аягы й менен бүткөн сөздөрдөн кийин а тыбышы менен башталган мүчө уланган кезде я тамгасы колдонулат: жай+а+т-жаят, кый+а+быз-кыябыз (кыйабыз эмес), жый+ар-жыяр (жыйар эмес).
  3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө я тамгасы орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: авиация, акация, галерея, снаряд, идея, маяк.».
  4. 9-16-§тар тиешелүүлүгүнө жараша 18-25-§тар деп эсептелинсин.
  5. 17-§ 26-§ деп эсептелинип, «өзгөрүп» деген сөздөн кийин «же кыскартылып» деген сөздөр менен толукталсын.
  6. 18-21-§тар тиешелүүлүгүнө жараша 27-30-§тар деп эсептелинсин.
  7. 22-§ 31-§ деп эсептелинип, «Өткөн» деген сөз «Адат өткөн» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
  8. 23-24-§тар тиешелүүлүгүнө жараша 32-33-§тар деп эсептелинсин.
  9. 25-§ 34-§ деп эсептелинип, «аяктаган» деген сөз «бүткөн» деген сөз менен алмаштырылсын.
  10. 26-27-§тар тиешелүүлүгүнө жараша 35-36-§тар деп эсептелинсин.
  11. 28-§ 37-§ деп эсептелинип, «угулушунча» деген сөз «угулушу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
  12. 29-§ 38-§ деп эсептелинип, «айтылышына» деген сөз «айтылышы мүмкүн, бирок» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
  13. 30-31-§тар тиешелүүлүгүнө жараша 39-40-§тар деп эсептелинсин.
  14. 32-§ 41-§ деп эсептелинип, «сын атооч, күчөтмө тактооч, айрым сурама ат атоочторду жасоочу» деген сөздөр «маанидеги» деген сөз менен алмаштырылсын.
  15. 33-§ 42-§ деп эсептелинсин.
  16. Эреженин V главасынын (Татаал сөздөрдүн жазылышы) «Бириккен жана кошмок сөздөрдүн бирге жазылышы» деген 1-аталышындагы «жана кошмок», «бирге» деген сөздөр алынып салынсын.
  17. 34-§ 43-§ деп эсептелинип:

— «биригип кеткен тарыхый кошмок» деген сөздөр алынып салынсын жана «бириккен» деген сөз кашаадан чыгарылып берилсин;

— келтирилген мисалдардагы «, түнүчүндө, таяке, улутун» деген сөздөр алынып салынсын.

  1. Эреже 43-§тан кийин «2. Кошмок сөздөрдүн бирге жазылышы» деген аталыш менен толукталсын.
  2. 35-37-§тар тиешелүүлүгүнө жараша 44-46-§тар деп эсептелинип, төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«44-§. Лексикалык мааниси күңүрттөнүп, өз алдынча колдонулуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган сөздөр менен толук маанилүү сөздөрдүн айкашын түзүп, бир маани берип турган кошмок сөздөр бирге жазылат: карамүртөз, кечкурун, көбүнесе, арабөк, балжууран, карагат, алмончок ж.б.

45-§. Жанаша айтылган эки сөздүн биринчиси уяң үнсүз менен аяктап, кийинкиси каткалаң үнсүз менен башталып колдонулса, каткалаң үнсүз жумшарып айтылат, бирок жазууда ага жол берилбейт жана айрым-айрым жазылат: тилгат эмес, тил кат; коңгарга эмес, кон карга; колгап эмес, кол кап; ишенимгат эмес, ишеним кат.

46-§. Эки түгөйү тең өз алдынча лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн жасалган кошмок сөздөр бирге жазылат: асыресе, тиригарак, жексур, ачкүсөн.».

  1. Эреже 46-§тан кийин «3. Кошмок сөздөрдүн бөлөк жазылышы» деген аталыш менен толукталсын.
  2. 38-§ 47-§ деп эсептелинип, төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«47-§. Лексикалык маанисин жоготпой, өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөрдөн куралган кошмок сөздөрдүн ар бир бөлүгү бириктирилбей, айрым-айрым жазылат: көз айнек, алп кара куш, таш бака, козу карын, ат кулак, ай балта, ат тиш, аш казан, айры куйрук, кош ооз, ач көз, көк жал, арык чырай, тогуз кат, үч эм, араң жан, кол жазма, басма сөз, көз караш, кол башчы, жол башчы, көз карандысыз, ак көңүл, кара кер, эл аралык, чыгыш таануу, тил таануу, ден соолук.».

  1. Эрежедеги «2. Кошмок сөздөрдүн бөлөк жазылышы» деген аталыш жана 39-§ алынып салынсын.
  2. 40-§ 48-§ деп эсептелинип, төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«48-§. Татаал сандардын ар бир бөлүгү айрым-айрым жазылат: он бир, жүз элүү эки, бир миң тогуз жүз токсонунчу, он беш, жыйырма үч, он эки, кырк бешинчи.».

  1. 41-§ 49-§ деп эсептелинип, эскертүү төмөндөгү редакцияда баяндалсын:

«Эскертүү: «жат» деген жардамчы этиш кыскарып «ат» болуп айтылса, ал негизги этишке уланып, угулушунча бирге жазылат: баратат, келатат ж.б.».

  1. 42-§ 50-§ деп эсептелинип, «, тактооч менен этиштен», «, өйдө бас, төмөн түш, жогору чык» деген сөздөр алынып салынсын.
  2. Эреже 50-§тан кийин төмөнкү мазмундагы 51-§ менен толукталсын:

«51-§. Кошмок сөз түрүндөгү татаал сын атооч менен тактоочтордун ар бир бөлүгү айрым-айрым жазылат: көк ала, кара күрөң, мала кызыл, кара көк, кызыл чийкил, ак саргыл, сары ала, кара ала, кер кашка, кара тору (татаал сын атоочтор), бир кезде, ар качан, ар күнү, таң эртең менен, эртең менен эрте, таңга маал, кечке жуук, кеч бешимде, түн ичинде, бир паста (татаал тактоочтор).».

  1. 43-§ 52-§ деп эсептелинсин.
  2. 44-§ 53-§ деп эсептелинип, «албетте, ошондой» деген сөздөр, «бах» деген сөздөн кийин «,» белгиси алынып салынсын.
  3. Эреженин V главасынын 3 аталышындагы «, графикалык кыскартуулар» деген сөздөр алынып салынсын.
  4. 45-§ 54-§ деп эсептелинип, «БУУ (Бириккен Улуттар Уюму),» деген сөздөр алынып салынсын.
  5. 46-§ 55-§ деп эсептелинсин.
  6. 47-§ 56-§ деп эсептелинип, «муундары сакталып» деген сөздөр «муундарынан» деген сөз менен алмаштырылсын.
  7. 48-§ 57-§ деп эсептелинсин.
  8. 49-§ 58-§ деп эсептелинип, төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«58-§. 1. Адамдын бир сөздөн турган ысымы, аты-жөнү, теги, жашыруун аты, кошумча аты баш тамга менен башталып жазылат: Улан, Нурлан, Кубан, Нур, Урмат, Аян, Кыял, Балка, Жанчар, Чынар, Анар, Асел, Жалын, Толкун, Салкын, Ырыс, Чолпон, Тынай, А.Токомбаев (Балка), А.Убукеев (Кубат) ж.б.

  1. Эки же андан көп сөздөн турган адам аттары баш тамга менен башталып, айтылышынча бирге жазылат: Султанмурат, Эсенгелди, Сатыбалды, Кожакмат, Элтегин, Сонунбала, Мамбеткалыб, Абдыкадыр, Асылбүбү, Өмүргазы, Балыгооз, Саргунан, Жеңижок, Аткантаң, Айсара, Элмира ж.б.

Эскертүү: адамга гана тиешелүү өзгөчөлүктү билдирген ылакап аттар Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Бала Курман, Акыл Карачач сыяктуу ысымдардын ар бири баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат.

  1. Адамдын ысымына, аты-жөнүнө уулу, кызы, келини деген сөздөр (башка тилдердеги оглы, заде ж.б. сыяктуу) кошулуп айтылса, булар кичине тамга менен айрым жазылат: Касым Тыныстан уулу, Буудайбек Сабыр уулу, Назира Аалы кызы.

Эскертүү: атасынын же чоң атасынын ж.б. атынан кийин тегин деген сөз колдонулса, ал сөз бирге жазылат (Тынчтыкбек Чоротегин, Кожогелди Култегин).

  1. Азамат Алтай, Аман Саспай, Ашым Жакыпбек сыяктуу адам аттарын жазууда адегенде өз ысмын, андан соң атасынын атын жазууга жол берилет.
  2. Кыргыз тилиндеги адам аттарынын аягына ь белгиси жазылбайт: Асель, Назгуль, Эмиль эмес, Асел, Назгүл, Эмил.
  3. Адам аттарына -лык, -чы, чыл, -изм мүчөлөрү уланганда, алар жалпы ат катары колдонулат да, кичине тамга менен жазылат: марксизм, манасчы, лениндик, гегелчил».
  4. 50-§ 59-§ деп эсептелинсин.
  5. 51-§ 60-§ деп эсептелинип, «Жан-Жак-Руссо, Иоганн-Себастьян Бах, Джолдош, Джаныбек, Жолдош, Жаныбек» деген сөздөр «Жан Жак Руссо, Иоганн Себастьян Бах, Джолдошов, Джаныбеков, Жолдошов, Жаныбеков» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
  6. 52-53-§тар тиешелүүлүгүнө жараша 61-62-§тар деп эсептелинип, төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«61-§. Урук, уруу, эл аттары (этнонимдер) кичине тамга менен башталып (солто, саяк, кыдык, орус, хакас), татаал түзүлүштөгүлөрү айтылышынча бирге жазылат: сарбагыш, карабагыш, боркемик, каракытай, бешкүрөң, чакчабай, акбилек, элчибай, отузуул ж. б.

Эскертүү: бир сөз ичинде созулма үндүүлөрдү катар жазууга жол берилбегендиктен, «Куу уул» этноними айрым жазылат.

62-§. Астрономиялык энчилүү аттардын жөнөкөй жана татаал түрлөрү баш тамга менен жазылат: Жер, Күн, Ай, Чолпон, Жетиген, Жети Каракчы, Алтын Казык, Үркөр, Саманчы Жолу.

Эскертүү: эгерде жер, күн, ай деген сөздөр астрономиялык энчилүү ат эмес, жалпы ат маанисинде колдонулса, анда кичине тамга менен жазылат. Мисалы: Бир ай болду. Бүгүн күн ысыды.».

  1. 54-§ 63-§ деп эсептелинип, «компоненттери» деген сөз «түгөйлөрү» деген сөз менен алмаштырылсын жана «Мойнок, «деген сөз алынып салынсын.
  2. 55-62§тар тиешелүүлүгүнө жараша 64-71-§тар деп эсептелинип, төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«64-§. 1. Географиялык жөнөкөй энчилүү аттар баш тамга менен жазылат: Азия, Африка, Антарктида, Европа, Алай, Чүй, Сокулук, Тоң, Кемин, Балыкчы, Нарын, Гүлчө, Жазы ж.б.

  1. Кошмок сөз тибиндеги төмөнкүдөй татаал географиялык аттар (эгер лексикалык маанисин жоготпой, тилде өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөр болсо) арасына дефис белгиси коюлуп, айрым-айрым жазылат: Ак-Сай, Чоң-Сары-Ой, Кырк-Казык, Жети-Өгүз, Базар-Коргон, Кичи-Кум-Бел, Шамалды-Сай, Ысык-Көл, Соң-Көл, Ысык-Ата, Ала-Тоо, Тору-Айгыр, Төө-Ашуу, Кара-Балта, Жалал-Абад, Кара-Үңкүр, Кум-Төр ж.б.
  2. Эгерде географиялык татаал энчилүү аттардын бардык же айрым түгөйлөрү лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн турса, бириктирилип жазылат: Кеңкол, Каракол, Чаткал, Улакол, Торугарт, Балгарт, Аламүдүн, Алайкуу, Көкөмерен, Каракужур, Мырзаке, Чалдыбар.
  3. Орус тилинен которулуп алынган географиялык аттардын ар бир сөзү баш тамга менен жазылып, бирок араларына дефис белгиси коюлбайт (мындай географиялык аттардын дефис коюлбай жазылышы орус орфографиясындагы эрежелерге негизделет, анткени бул сыяктуу аттар орус тилинде да дефис коюлбай жазылат): Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Орто Азия, Борбордук Азия, Түндүк Америка ж.б.
  4. Кыргыз тилине которулбай алынган (орусча кандай айтылса, ошол калыбынча колдонулуп жүргөн) жана орус тили аркылуу башка тилдерден кабыл алынган татаал географиялык аттардын арасына дефис коюлуу же коюлбай жазылуу жагы орус орфографиясындагы принциптерге ылайык иштелет. Буга төмөнкүлөрдү мисал кылууга болот: Кривой Рог, Ясная Поляна, Усть-Каменогорск, Ростов-на-Дону, Рио-де-Жанейро, Нью-Йорк, Сан-Франциско.
  5. Географиялык энчилүү аттарга ошол жердик экендигин туюнтуучу -лык мүчөсү уланып айтылса, ал сөз кичине тамга менен жазылат: Алай//алайлык, Кашкар//кашкарлык, Ысык-Көл// ысык-көлдүк, Нарын//нарындык.
  6. Айтылышы жана жазылышы ар түрдүү болуп жүргөн географиялык аттар кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык жазылат: Алматы, Анжыян, Кокон, Букар, Дүйшөмбү, Самарканд, Ташкент, Маргалаң, Турпан, Кордой, Жамбыл, Түркстан, Казан, Бакы, Семей, Жергетал, Бешкен, Өскемен, Кызылжар, Түркия ж.б.

Эскертүү: I) арал, жарым арал, кырка тоо, жер, деңиз, океан, кысык, дарыя, канал, булуң, көчө, аянт, айыл ж.б.у.с. сөздөр географиялык энчилүү аттарга айкаша келсе, кичине тамга менен бөлөк жазылат: Арал деңизи, Балкаш көлү, Суусамыр өрөөнү, Жазы дарыясы, Курил аралдары, Чоң-Муз-Төр жайлоосу, Алай тоо кыркасы, Чоң-Сары-Ой айылы ж.б.;

  1. II) түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деген сөздөр географиялык татаал энчилүү аттардын тутумунда баш тамга менен башталып, бөлөк жазылат: Түндүк Батыш, Түндүк Чыгыш, Түштүк Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Батыш Европа, Түндүк Вьетнам, Чыгыш Казакстан, Түштүк Чыгыш өлкөлөрү ж.б. Эгерде түндүк, түштүк, чыгыш, батыш деген сөздөр географиялык энчилүү аттардын бүтүмүндө жалпы ат катары колдонулса, кичине тамга менен жазылат: Кыргызстандын түндүгү, Оштун түштүк тарабы, Ысык-Көлдүн чыгышы, Бишкек шаарынын батыш жагы ж.б.

65-§. Географиялык энчилүү аттар белгилүү жол каттамынын чегин билдирип турган учурда арасына сызыкча коюлуп, баш тамга менен айрым-айрым жазылат: Ош-Эркечтам-Кашкар жолу, Пекин-Үрүмчү-Алматы-Бишкек-Ташкент темир жол каттамы, Бишкек-Москва-Уфа-Бишкек каттамындагы самолет.

66-§. Мамлекет, мамлекеттик жогорку органдардын жана эл аралык уюмдардын аталыштарынын бардык сөздөрү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат: Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Иран Ислам Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту, Бириккен Улуттар Уюму, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Шанхай Кызматташтык Уюму ж.б.

67-§. 1. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана, коом, фонд, уюмдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Билим берүү жана илим министрлиги, Майып балдарды колдоо фонду, Туризм жана спорт боюнча агенттиги, Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонду, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия.

  1. Мекемелердин курамындагы ички бөлүмдөрдүн наамы кичине тамга менен жазылат: Кыргыз улуттук университетинин филология жана кыргыз таануу факультети, Тил жана адабият институтунун азыркы кыргыз тили сектору ж.б.

68-§. Ордендердин, медалдардын аттары тырмакчага алынбай, баш тамга менен, орден, медаль деген сөз кичине тамга менен айрым жазылат: Манас ордени, Баатыр эне ордени, Эне даңкы, Эрдик медалы, Даңк медалы.

69-§. Тарыхый окуя, майрамдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Жаңы жыл майрамы, Брест тынчтыгы, Тегеран келишими, Басма сөз күнү, Нооруз майрамы, Орозо айт ж.б.

Эскертүү: майрамдын аты сан менен башталса, сандан кийинки сөз баш тамга менен жазылат: 1-Май, 9-Май ж.б.

70-§. Министр, президент, төрага, деректир, орун басар, доктор, академик, баатыр, эмгек сиңирген ишмер, маршал, генерал, катчы ж.б. кызмат орундарын, атайын наамдарды, илимий даражаларды билдирүүчү сөздөр энчилүү аттар менен кошо айтылганда да кичине тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү ж.б.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Баатыры өңдүү расмий аталыштардын бардык сөзү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат.

71-§. Завод-фабрика, театр, ашкана, кафе, мейманкана, спорттук уюм, дүкөн, басма, мекеме, гүлбак, аянттардын энчилүү аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен жазылат: «Ала-Тоо» аянты, «Эркиндик» гүлбагы, «Байсуу» кафеси, «Айсулуу» сулуулук салону, «Бишкек» мейманканасы, «Жыргал» мончосу, «Илим» басмасы, «Чолпон» бут кийим тигүү фабрикасы, «Кыял» бирикмеси.».

  1. 63-§ 72-§ деп эсептелинип, төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«72-§. Адабият, сүрөт, музыка ж.б. өнөр чыгармаларынын, гезит-журнал, китептердин аттары тырмакчага алынып, биринчи сөзү баш тамга менен жазылат: «Тоо арасында» романы, «Каныбек» романы, «Сынган бугу» күүсү, «Агым» гезити, «Узак жол» повести.».

  1. 64-§ 73-§ деп эсептелинип, «тире» деген сөз «сызыкча» деген сөз менен алмаштырылсын.
  2. 65-§ 74-§ деп эсептелинсин.
  3. 66-§ 75-§ деп эсептелинип, төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«75-§. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден мурдатан өздөштүрүлүп, кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө баш ийдирилген сөздөр айтылышы боюнча жазылышына жол берилет: белет, ашмүшкө, бардеңке, ирет, көзүр, саржан, мүштөк, момпосуй, тамеки, чыт, чиркөө, сот, борум, догдур, көпөс, жашик, самоор, керебет, үстөл, үтүк, пол, панар, гезит, бекет, кемсел, номур, мүнөт, мискей, шапке, шопур, жаркөп, машине, меш, деректир ж.б.».

  1. 67-§ 76-§ деп эсептелинип, «азбест эмес, азбес; артист эмес, артис» деген сөздөр алынып салынсын.
  2. 68-70-§тар тиешелүүлүгүнө жараша 77-79-§тар деп эсептелинсин.
  3. 71-§ 80-§ деп эсептелинип, төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«80-§. Эки муундан турган ага, ата, атак, аалам, аары, араа, эне, эшик, ээле, элек, өмүр, өтүк, ысык, оона, уула, унаа, ишен, имер сыяктуу сөздөр да ташымалданбайт. Анткени бул сөздөрдүн бир үндүү тыбыштан турган муунун сап аягына калтырып, калган бөлүгү жаңы сапка ташып жазылбайт. Демек, бул сөздөр а-га, а-та, а-так, аа-лам, аа-ры, а-раа э-не, э-шик, ээ-ле, э-лек, ө-мүр, ө-түк, ы-сык, оо-на, уу-ла, у-наа, и-шен, и-мер болуп, муунга бөлүнүшү боюнча ташылбастан, бирге жазылат.».

  1. Эреже 80-§тан кийин төмөнкү мазмундагы 81-§ менен толукталсын:

«81-§. Ичкертүү (ь), ажыратуу (ъ) белгилери өзүнөн мурунку үнсүз тыбыштан бөлүп ташылбайт. Ошондуктан батал-ьон, консул-ьтация, раз-ъезд, под-ъезд болуп ташылбастан, баталь-он, консуль-тация, разъ-езд, подъ-езд болуп ташылат.».

  1. 72-§ 82-§ деп эсептелинип, төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«82-§. Йоттошкон я, ю, е, ё тамгалары менен келген муундар бөлүнүп ташылбайт: та-я, бо-е, ю-билей, чи-е, акаци-я.».

  1. 73-§ 83-§ деп эсептелинип, «тыбышты» деген сөз «тыбыштар» деген сөз менен, «ажыратып ташуу керек» деген сөздөр «ажыратып ташылат» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
  2. 74-§ 84-§ деп эсептелинип, «КМУУ» деген сөз «КУУ» деген сөз менен алмаштырылсын.
  3. 75-§ 85-§ деп эсептелинип:

— «ысмы» деген сөз «ысымы» деген сөз менен алмаштырылсын;

— «фамилиядан» деген сөздөн кийин «ажыратылып» деген сөз менен толукталсын;

— «Т.М.Мамбетжунушов, Б.Т.Рысалиевди» деген сөздөр «Т.М.Мамбетжунушовдун, Б.Т.Рысалиевдин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  1. 76-§ 86-§ деп эсептелинсин.
  2. Эреже 86-§тан кийин төмөнкү мазмундагы жаңы IX глава менен толукталсын:

«IX. Дефис менен жазуунун эрежелери

 

87-§. Кайталанып айтылган сырдык сөздөр менен тууранды сөздөрдүн араларына да дефис коюлат: Пай-пай-пай! Эмгек сүйгөн кишилер алп экен го! (Сыдыкбеков). Ха-ха-ха! Чүкө салган тулубум. Ташта, энеке! Кереги жок мунуңун (Турусбеков). Кобур-собур эткен сөздөр, бирин-серин чакырышкан үндөр, тарс-тарс дабыштар Жапарга угулуп турду (Баялинов).

88-§. Эгер иреттик сан цифра аркылуу берилсе, анда дефис -ынчы, (-нчы) мүчөсүнүн ордуна, цифрадан кийин коюлат: 2008-жыл, 16-ноябрь, 4-класстын окуучусу, жыйналыштын 2-маселеси — эмгек тартиби жөнүндө.

Эскертүү: 1. Рим цифрасынан кийин дефис коюлбай жазылат: XIX кылымдагы орус адабиятынын тарыхы. Кыргыздардын ХVI-ХVII кылымдардагы экономикалык жана саясий абалы. Окуу жылынын III чейреги.

  1. Иреттик сан атоочтордун ордуна N белгиси коюлса, андан кийин дефис белгиси келбейт, анткени N белгисинин өзү иреттик маанини билдирет. Мисалы: N 69 орто мектеп, N 1 китепкана ж.б.

89-§. 1. Чамалама сандардын арасына дефис коюлуп жазылат: отуз-кырк чамалуу кой-эчки, 5-6 киши, төрт-бештен бөлүштүрүү, жашы 40-45 чамасында.

  1. Төмөнкүдөй кыскартуулар же толук айтылган сөздөр менен цифралардын арасына да дефис коюлат: ТУ-154, ИЛ-62, АН-10, «Восток-1» Мерседес-600, Ауди-100, «Союз-9» космос корабли, Пентиум-4 компьютери.

90-§. Адамдардын илимий даражасын, адистигин, кызматын, наамын, ченин же башка белгилерин көрсөтүүчү татаал сөздөр, жандама аныктоочтуу сөздөр да дефис аркылуу жазылат: мүчө-корреспондент, зоотехник-селекционер, механизатор-айдоочу, акын-драматург, врач-терапевт, премьер-министр, генерал-лейтенант, экс-чемпион, статс-катчы ж.б.

Эскертүү: төмөнкү кызмат наамдары, аскердик чендер дефис коюлбай жазылат: башкы кол башчы, улук лейтенант, медицина кызматынын капитаны.

91-§. Пресс-бюро, пресс-конференция, киловатт-саат, тонна-километр, корабль-спутник сыяктуу эки бөлүктөн турган сөздөр да дефис аркылуу жазылат.».

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН N 114 ТОКТОМУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2013-жылдын 5-марты N 114

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 497 токтомунун редакциясына ылайык)

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 22-апрелиндеги N 370-V «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар тууралуу» токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы 1-тиркемеге ылайык;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун программасы 2-тиркемеге ылайык.

  1. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, администрациялык ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары мамлекеттик кызматчылардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чаралардын пландарын, ошондой эле мамлекеттик кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуунун программаларын каржылоо булактарын аныктоо менен 2013-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө бекитишсин.
  2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чаралардын пландарын, ошондой эле муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуунун программаларын каржылоо булактарын аныктоо менен 2013-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө бекитүү сунуш кылынсын.
  3. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 497 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
  4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга Терминологиялык комиссиянын ишин жандандыруу сунушталсын.
  5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

«Эркин Тоо» газетасынын 2013-жылдын 8-мартында N 18 жарыяланды

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары К.Б.Бактыгуловго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри   Ж.Сатыбалдиев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН N 114 ТОКТОМУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2013-жылдын 5-марты N 114

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 497 токтомунун редакциясына ылайык)

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 22-апрелиндеги N 370-V «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар тууралуу» токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы 1-тиркемеге ылайык;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун программасы 2-тиркемеге ылайык.

  1. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, администрациялык ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары мамлекеттик кызматчылардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чаралардын пландарын, ошондой эле мамлекеттик кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуунун программаларын каржылоо булактарын аныктоо менен 2013-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө бекитишсин.
  2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чаралардын пландарын, ошондой эле муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуунун программаларын каржылоо булактарын аныктоо менен 2013-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө бекитүү сунуш кылынсын.
  3. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 497 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
  4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга Терминологиялык комиссиянын ишин жандандыруу сунушталсын.
  5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

«Эркин Тоо» газетасынын 2013-жылдын 8-мартында N 18 жарыяланды

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары К.Б.Бактыгуловго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри   Ж.Сатыбалдиев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН N 958 ТОКТОМУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2004-жылдын 28-декабры N 958

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 581 токтомунун редакциясына ылайык)

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамды ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 2-апрелиндеги N 120 «Эки тилдүүлүктү (билингвизм) өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты андан ары өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринин натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарт түзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү чараларды көрүшсүн:

Кыргыз Республикасынын жарандары, биринчи кезекте мамлекеттик бийлик органдарында жогорку жана башкы мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адамдар мамлекеттик тилди эркин, акысыз жана ыктыярдуу үйрөнүүлөрү үчүн зарыл уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча;

— иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүнү этап менен киргизүү үчүн компьютердик техникада кыргыз тилин колдонуу менен программалык продуктуларды жана технологияларды ишке киргизүү боюнча;

— штаттык ырааттамага кызматкер бирдигин ага мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча милдеттерди жүктөө менен киргизүү боюнча (Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын бекитилген штаттык санынын жана эмгек акы фондусунун чегинде).

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 581 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги, карамагында мамлекеттик жогорку окуу жайлары бар башка министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

— системаларды өркүндөтүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүшсүн:

кыргыз тилинин окутуучу кадрларын жана котормочуларды даярдоо жана кайра даярдоо, окуу китептерин, окуу-методикалык куралдарын, сөздүктөрдү, сүйлөшмөлөрдү жана өз алдынча үйрөткүчтөрдү мамлекеттик тилде даярдоо жана чыгарууну камсыз кылуу;

кыргыз тили жана адабияты окутуучуларын, мамлекеттик тилдеги мыкты окуу программаларынын, окуу китептеринин жана окуу куралдарынын авторлорун материалдык жактан стимулдоо;

— мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде жана жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди окутуунун тиешелүү деңгээлин камсыз кылышсын;

— мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде жана жогорку окуу жайларында кыргыз тили жана адабиятынын типтүү кабинеттерин (борборлорду) түзүшсүн, аларды лингафондук аппаратура жана окутуунун заманбап башка техникалык каражаттары, окуу-көрсөтмө куралдар менен жабдышсын.

  1. «Учкун» АКсына, «Акыл» АКсына, Т.Суванбердиев атындагы «Кыргызполиграфкомбинат» АКсына төмөнкүлөр сунуш кылынсын:

— мамлекеттик тилде китеп чыгарууну жана гезит-журналдык иштерди өнүктүрүүнү камсыз кылуу;

— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган басма продукцияларды чыгарууга көмөк көрсөтүү.

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына мамлекеттик тилди өнүктүрүү проблемаларына арналган ар жумалык телерадиоберүүлөрдү такай уюштуруу сунуш кылынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эки тилдүүлүктү (билингвизм) өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты андан ары өркүндөтүү жат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринин натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарт түзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча зарыл каражаттарды республикалык бюджетте жыл сайын өзүнчө сап менен карасын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри   Н.Танаев

 


«Мамтил-Лингво»

Январь 2017
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
« Дек    
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031